Экинчи ирет киргенде тапкан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-көл жээгиндеги адамдар. Архив
Ысык-көл жээгиндеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
ЧПУ: ysyk-kol-suuga-chokkon-bala-militsiya-kutkardy Суунун алдынан таап чыккан. Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү аман алып калды Окуя кечээ, 28-июлда, милиция кызматкерлери шаардагы Каракол-Пристань пляжында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн маалда болгон.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милициясынын кызматкери Акылбек Токталиев сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Издөө учурунда суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Ошто сууга чөккөн эже-сиңди: окуянын чоо-жайы айтылды
Окуя кечээ, 28-июлда, Токталиев кесиптештери менен шаардагы Каракол-Пристань пляжында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн маалда болгон.

14 жаштагы өспүрүм теңтуштары менен көлдө алыс эмес аралыкка сүзүшөт. Бирок жээктен алыстагандан кийин чөгө баштаган. Баланын муну байкап калган карындашы тегерегиндегилерди жардамга чакырган.

"Милиция кызматкери пляждагылардын ичинен биринчилерден болуп жардамга барып, кийимин да чечпестен сууга секирген. Ал экинчи жолу суу астына чөмүлүп издегенде гана өспүрүмдү тапкан. Аны көтөрүп сүзүп, жээкке чыккан", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ал жерден өспүрүмгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Милиция кызматкеринин ыкчам жана туура аракетинин натыйжасында бала аман калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0