Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бүт Европа бизге тартылгандай. Департамент КРге туристтер көп келип жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчын капчыгайындагы атчан адам. Архив
Кырчын капчыгайындагы атчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыргызстан коронавирустан кийин ден соолукту бекемдөөгө да эң ыңгайлуу жер экенин белгилеген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Европадан келген туристтердин саны барган сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова
Бүт Европа бизге тартылгандай. Департамент КРге туристтер көп келип жатканын айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова
"Менде Европанын дээрлик бардык мамлекеттери бизге тартылгандай сезим болуп жатат. Азыр өлкөгө 67 мамлекеттен туристтер келе алат. Саякатчылардын көпчүлүгүнө Борбор Азияны түрө кыдырган турлар кызык. Алар бизге Өзбекстан, Казакстан аркылуу келип жатышат. Кыргызстан альпинисттер, трекинг менен алектенгендер жана Европадан келген экотуристтер арасында популярдуу болууда", — деди Кенжематова.

Көл жээгинде эс алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
COVID болуп айыккандан кийин Кыргызстанга келгиси келген туристтер көбөйдү
Аткаминер Кыргызстан коронавирустан кийин ден соолукту бекемдөөгө эң ыңгайлуу жер экенин белгилеген.

"Климаттык шартыбыз менен жерлерибиз оорудан кийин организмди калыбына кайра келтирүүгө жардам берет. Алсак, булактар, ылай менен дарылоо, суулар, мунун баары организмди, анын ичинде өпкөнү толугу менен айыктырууга көмөктөшөт", — деди ал.

Адатта Кыргызстанга туристтердин көбү Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0