Жума күнгө карата аба ырайы

© AFP / GERARD JULIENЖамгырдан кийинки гүлдөр. Архив
Жамгырдан кийинки гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
29-июлдан 31-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүп турган аба ырайынан жана нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. 30-июлга караган түнү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 30...+35, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус болот.

Борбор калаада күн ачык болуп, термометр +27...+29, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0