Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун сөөгү жерге берилди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГүлдөр. Архив
Гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда 78 жаш курагында көз жумду. Жакындары анын буга чейин ооруп жүргөнүн айтышты.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, Сыдыков 28-июлда 78 жаш курагында көз жумду. Жакындары буга чейин анын ооруп жүргөнүн айтышкан эле.

Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында өттү.

Президенттин администрациясы некролог таратып, анын жакындарына көңүл айтты.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. 1965-жылы Фрунзе шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы Арал совхозунда агроном болуп баштаган.

Видный ученый Ташманбет Кененсариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Некролог
1967-1971-жылдары Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1971-1975-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Лейлек райкомунун инспектору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 2-катчысы, 1975-1978-жылдары Лейлек райондук Аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1978-1983-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин 1-катчысы болуп иштеген. 1983-1985-жылдары партиянын Кара-Суу райондук комитетинин 1-катчысы, 1988-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССР мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин төрагасы, Министрлер Советинин төрагасынын биринчи орун басары болгон. 1990-жылы Партиянын Ош обкомунун 1-катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы соода өкүлү, 1993-1995-жылдары "Кыргыз дан азык" акционердик коомунун төрагасы болуп эмгектенген. 1999-жылы КМШ өлкөлөрүнүн кеңешинин төрагасынын Кыргызстан боюнча орун басары, 2005-2006-жылдары президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.

1980-1990-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

"Эмгектеги каармандыгы үчүн" медалынын, "Эмгек Кызыл Туу" орденинин ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0