Дарыгер бөйрөктөгү ташты пайда кылчу азыктарды атады

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүШишкебек. Архив
Шишкебек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Адис биринчи кезекте малдын майы көп болгон азыктарды, анын ичинде этти азыраак колдонууну сунуштаган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун жогорулаткан азыктарды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал белгилегендей, малдын майы көп болгон азыктар, анын ичинде эт, ошондой эле туздуу жана таттуу тамактар кальций таштарын пайда кылат.

"Грейпфрут ширесин жакшы көрүп ичкендерге айтарым, анын курамындагы C витамини организмде көп болсо таштын пайда болушун шарттайт", — деген Мясников.

Ошондой эле дарыгер бул тизмеге шпинат, ашкөк жана жаңгакты киргизген. Ал азыктарда оксалат бар болгондуктан ченеми менен колдонууну айткан.

Бөйрөктө таштын пайда болушуна айрым дарылардагы кальцийден болушу себеп экендигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0