Дарыгер ооруну убактылуу баскан дарылардын кооптуулугун айтты

© AFP / LOIC VENANCEДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Ооруну убактылуу басаңдаткан күчтүү дарылар кансыроого алып келиши мүмкүн экени айтылды. Ошондуктан 60 жаштан ашкандар аларды өтө этияттык менен пайдаланышы шарт.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников ооруну басаңдата турган дарылардын зыян экендигин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, көпчүлүк адамдарга аспирин, анальгин, ибупрофен жана башка дарыларды колдонууга болбойт.

"Артрит, артроздо, баш, желке, ийин, арка ооруганда иче калган дары-дармектин баары гипертония, инфаркт, инсультту чакырышы ыктымал. Айрым учурда жүрөк-кан тамыр ооруларынын өтүшүн кыйындатат", — деген дарыгер.

Польза бега для здоровья - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Отурбагыла. Дарыгер өмүрдү узартуунун жөнөкөй жолун айтты
Дарыгер ооруну убактылуу басаңдаткан күчтүү дарылар кансыроого алып келиши мүмкүн экенин да эскерткен. Ошондуктан 60 жаштан ашкандар бул дары-дармектерди өтө этияттык менен пайдаланышы шарт экени кошумчаланды.

Мясников кайсы бир жери ооруп калгандарга парацетамолду сунуштаган. Ал жүрөк, ашказан, ичегилерге кыйыр таасирин тийгизбей турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0