09:36 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
158 0 0

Коргоо министрлиги катаал конкурстук тандоодон өткөн мыкты жоокерлер гана өлкө намысын коргоо үчүн жиберилерин айтты. Иш-чара жыл сайын Россияда өтүп келет.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешине даярданууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • Строевой смотр сборной команды Вооруженных сил КР на международные соревнования Танковый биатлон-2021
    Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешине даярданууда
    © Фото / пресс-служба ВС КР
  • Строевой смотр сборной команды Вооруженных сил КР на международные соревнования Танковый биатлон-2021
    Аталган иш-чара  Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөт
    © Фото / пресс-служба ВС КР
  • Строевой смотр сборной команды Вооруженных сил КР на международные соревнования Танковый биатлон-2021
    Кечээ, 27-июлда, министрдин орун басары, полковник Алмазбек Карасартовдун жетекчилиги астында мелдешке жөнөтүлө турчу курама команданын саптык кароосу болгон.
    © Фото / пресс-служба ВС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ВС КР
Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешине даярданууда

Аталган иш-чара Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөт.

Кечээ, 27-июлда, министрдин орун басары, полковник Алмазбек Карасартовдун жетекчилиги астында мелдешке жөнөтүлө турчу курама команданын саптык кароосу болгон.

"Быйыл экипаждарды тандоо жана окутуу 20 636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунун базасында жүргүзүлдү. Катаал конкурстук тандоодон өткөн мыкты жоокерлер гана өлкө намысын коргоо үчүн жиберилет. Мелдеште эң татаал жолдорду басып өтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Танк биатлону — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Өлкө бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда. Өткөн жылы Кыргызстан командасынын экинчи экипажы группалык этапта 3-орунду алган.

Тема боюнча

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт  
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Коргоо министрлиги, танкачылар, мелдеш, Аскер, даярдык

ЭҢ МААНИЛҮҮ