28-июлда Бишкектин бир катар аймактарында электр кубаты болбойт. Тизме

© AFP / PHILIPPE HUGUENЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
"Түндүк электрдин" адистеринин шаршемби күнгө пландаган иштеринин көпчүлүгү Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда болот.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эртең, 28-июлда, Бишкектин 18 көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.

Бул күнү уюмдун тийиштүү кызматкерлери трансформаторлорду оңдоо, үйлөрдүн арасындагы зымдардын тартылышын көзөмөлгө алуу, кабелдерди текшерүү сыяктуу иштер менен алектенишет.

Өчүрүү графиги:

  • 09:00дөн 13:30га чейин — Арча-Бешик конушунда (Арча-Бешик жана Тогуз-Түтүн көчөлөрү);
  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Патрис Лумумба көчөсү;
  • 09:00дөн 18:00гө чейин — Махатма Ганди, Түлөбердиев жана Васильев көчөлөрүнүн бөлүктөрү, ошондой эле Арча-Бешик конушунда (Чортеков жана Шербет көчөлөрү);
  • 09:30дан 17:30га чейин — Ахунбаев көчөсү (№100 үй);
  • 09:30дан 18:30га чейин — Салиева, Муса Жалил, Кантемиров көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Жибек Жолу проспекти, ошондой эле Көк-Жар конушунда (Коңорчок, Көк-Жар көчөлөрүндө);
  • 10:00дөн 17:30га чейин — Кара-Жыгач конушунда (Субан-Ата жана Виноградная көчөлөрүндө);
  • 13:30дан 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунда (Кара-Кужур жана Шералиев көчөлөрүндө).
Жаңылыктар түрмөгү
0