"Кыргыз темир жолу" жаңы вагондор менен тепловоздорду сатып алат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Сатып алуулардан тышкары темир жолдун рельс жана шпалдарын, Боом капчыгайындагы көчкүдөн коргоочу темир жол коридорун оңдоо иштери жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы 150 вагон жана үч тепловоз сатып алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, макулдашуу процедуралары ишке ашып жатат. Алар 150 жүк ташуучу вагон жана үч тепловоз сатып алуу үчүн каржылык жардам берери ыктымал болууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле кызматташуунун алкагында темир жолдун рельс жана шпалдарын, Боом капчыгайындагы көчкүдөн коргоочу темир жол коридорун оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
"Кыргыз темир жолуна" 32 жаштагы жаңы директор дайындалды
Мындан тышкары, компания жарым жыл ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Бул аралыкта 3,5 миллион тонна жүк (былтыркы жылдын ушул убагына карганда 9 пайызга көп) жана 119 миң жүргүнчү (47 миң кишиге көп) ташылган.

Эске салсак, ишкананын мурдагы башкы директору Василий Дашков коррупцияга айыпталып УКМК тарабынан кармалган. Анын мамлекетке келтирген зыяндын жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы айтылган.

Маалыматка караганда, каттамдардын көбөйтүлүшү менен жүргүнчүлөрдүн дагы саны өсүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0