ИИМ: көзү ачыктарга, төлгөчү жана табыптарга ишенбегиле!

© Sputnik / Владимир ВяткинТөлгөчү аял. Архив
Төлгөчү аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Министрлик мындай ишмердүүлүк жүргүзгөн адамдардын негизги максаты жарандардын акчасын алуу экенин, аларды кайрылгандардын көйгөйү кызыктырбай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги коомчулукка кайрылып көзү ачыктарга, төлгөчү жана табыптарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кайрылуусунда алар элдин аң-сезимин буруп алууга жөндөмдүү келерин белгилеген.

“Жарандар түйшүк, кыйынчылыктардан жол таппай калган учурда көзү ачык, төлгөчүлөргө кайрылышат. Бирок алардын көксөгөнү акча гана. Ал эми кайрылгандардын ден соолугу менен көйгөйү аларды кызыктырбайт деле. Мындай адамдар каргыштардан арылтууга, тоскоолдуктарды алып салууга, өлүмгө алып келчү оорулардан заматта эле айыктырууну убада кылышат. Бирок сиз маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай натыйжа албайсыз”, — деп айтылат министрликтин кайрылуусунда.

ИИМ ооруп калган жарандарды медициналык мекемелерге гана кайрылууну сунуш кылат. Милиция алданып калган жарандарды же буга байланышкан окуяга туш келгендерди 102 телефонуна кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0