Жол кырсыгына жөө жүргөндөр да себепкер. Эмнелерди эске алуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши жолду өтүп бара жатат. Архив
Киши жолду өтүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Милиция элдин аң-сезиминде жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү деген ой калыптанып калганын, бирок жөө жүргөндөр да бир катар эрежелерге көңүл кош карап жатканын айтты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы акыркы алты айда катталган жол кырсыктарынын 53 пайызында жөө жүрүүчүлөрдүн күнөөсү бар экени маалым болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

"Көпчүлүгүбүздүн аӊ-сезимибизге жол кырсыктарына айдоочулар гана күнөөлүү, алар жооптуу деген ой сиӊип калган. Бирок статистикада андай эмес экен", — дешти ОШ ШИИББден.   

Тагыраагы, жарым жылдагы 280 жол кырсыгынын 150сүндө жөө кишилер катышкан жана алар бир катар эрежелерге көңүл бурбай жатканы айтылат. Атап айтканда:  

  • жолдо жүрүүнүн эрежелерин билишпейт же сакташпайт; 
  • атайын жөө жүргөндөр үчүн белгиленген жайлардан өтүшпөйт; 
  • жаш балдарын жалгыз жолдун аркы өйүзүндөгү дүкөндөргө жумшашат;   
  • жолдо өтүп бара жатышып кулакчын тагып алышат же телефон кармалашат. Кээде катуу ойлонуп же башка нерсеге алаксышат; 
  • мас болуп жолго чыгып алышат;   
  • тротуар менен эмес, жол бойлоп басышат; 
  • жолдон жүгүрүп же велосипед айдап өтүшөт. 

Ош шаардык милициясы жөө жүргөндөрдүн арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында атайын рейд уюштуруп жатканы кошумчаланды.  

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов текшерүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Министрдин орун басары Урмамбетов айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрдү. Сүрөт  
Маселен, өткөн жумадагы рейдде Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жол эрежесин бузгандарга карата 1 288 протокол түзүлгөн. Анын ичинен алты айдоочу мас болуп кармалып, 75 автоунаа айып короого киргизилди. Ошондой эле 34 айдоочунун документи жок унаа айдап жүргөнү аныкталды. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бардык жөө жүргөн кишилерди калаа аймагында атайын белгиси бар жерлерден гана өтүүнү, жол эрежесине так, өздөрүнө сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0