ДССУ: жакынкы жылдары рактын үч түрүн жеңе алышыбыз мүмкүн

© AFP / FABRICE COFFRINIДССУ штаб-квартирасы. Архив
ДССУ штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Аялдарда жатын моюнчасынын рагын пайда кылган папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы иштелип чыккан вакцина ооруну азайтууга көмөктөшөрү айтылат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистеринин пикиринде, жакынкы 10 жылда залалдуу шишиктин үч түрүн жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

ДССУ өкүлү Мелита Вуйнович көпчүлүк аялда кездешип жаткан жатын моюнчасынын рагын азайтууга жакшы шарттар түзүлгөнүн билдирген. Биринчиден оору жакшы изилденсе, экинчиден, аны козгогон адамдын папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы кооптуу жана натыйжалуу вакцина иштелип чыкты.  

Ошондой эле адамзат өпкө рагын да жеңүү алдында турат. Бирок ал үчүн чылымдан баш тарткандар көп болушу керек. ДССУ адистери тамеки чеккендер болбосо залалдуу шишик жаралбайт эле деген оюн айтышкан. Рактын бул түрүнө чылым 90 пайыз себеп экени белгиленет.  

Кыз ашказанды кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Онколог жоон ичеги рагынын этибарга албаган белгиси тууралуу айтып берди
Адистер эскерткендей, тамекинин түтүнүндө ракты чакырган 60тан ашуун канцероген бар, ал эми никотин нерв системасынын ишин төмөндөтөт.  

Мындан сырткары, боор рагынан арылууга да мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн ичимдикти таштап же кескин азайтуу керек. ДССУнун адистеринин изилдөөсүнө ылайык, былтыр 740 миң кишинин рак оорусу спирт ичимдиги менен байланыштуу болгон. Бейтаптардын 75 пайызын эркектер түзөт.  

Адистер рактын бул түрлөрүн жеңүүгө жана алдын алууга багытталган иштерди жүргүзүүнү улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0