Коронавируска каршы күнү-түнү эмдеген пунктулардын дареги

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бейтап менен эмдөө учурунда. Архив
Медициналык кызматкер бейтап менен эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жашаган тургундар күнү-түнү вакцина алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Калкты коронавируска каршы массалык түрдө вакцинациялоо максатында Кыргызстанда 914 убактылуу эмдөө пункту ачылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Тагыраак айтканда, өлкө аймагындагы мамлекеттик медициналык мекемеде – 646, жеке клиникаларда – 10, билим берүү мекемелеринде – 100, соода, оюн-зоок борборлорунда – 12,  маданий-спорттук мекемелерде – 12, базарларда 31 пункт иштеп жатат. Мындан сырткары, дагы 103 мобилдик топ бар. 

Өткөн жумада ГУМ соода борбору менен “Берекет”, “Аламүдүн” базарларында дагы вакцинациялоо жайлары ачылганы белгилүү болгон.

Ошондой эле күнү-түнү иштеген эмдөө пунктулары бар. Алар: 

  • Бишкек шаары — №15 үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ), №5 ҮМБ, студенттер бейтапканасы;
  • Ош шаары — Ак- Тилек кичи районундагы шаардык оорукана, Тез жардам станциясы (Курманжан Датка көчөсү, №122), Шаардык оорукананын эски имараты (Курманжан Датка көчөсү, №157). 
  • Ысык-Көл облусу — Каракол шаарындагы  Медициналык колледж, Чолпон-Ата шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борбору;
  • Жалал-Абад облусу — №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Жалал-Абад бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору. 

Ошондой эле министрлик www.vc.emed.gov.kg сайты аркылуу  жарандар эмдөө пунктуларынын дарегин, байланыш номерлерин жана кайсы вакцинанын бар экенин биле алышарын эскертет. Аны менен бирге эмдөөгө онлайн түрүндө алдын ала катталса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0