Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаштар пляжда. Архив
Жаштар пляжда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
25-июлдан 27-июлга чейин ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +38…+40, Таласта +37…+39 градуска чейин жогорулайт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 26-июль, дүйшөмбүдө, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. 

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35...+40, Таласта +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +30...+35 градус ысык болот. 

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күндүн табы +38...+40 градуска жетсе, Чолпон-Атада +30...+32 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0