БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. COVID-19 күч алып жаткан учурда өлкө элинин 20 пайыздан ашыгынын эмоционалдык абалы начарлаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.
"Уйкунун бузулуусу, тынчсыздануу, маанайдын чөгүшү, жакын адамдар менен талашып-тартышып, пикир келишпестиктердин пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр шаарда жашаган ар бир төртүнчү үй-бүлөдө, айылда жашаган ар бир алтынчы үй-бүлөдө кезиккен", — деп айтылат билдирүүдө.
Психологиялык жактан кыйналуу көбүнесе Ош шаары (38 пайыз) менен Талас облусунун (29,4 пайыз) тургундарында кездешкен.
"Ошол эле учурда Нарын (1,9 пайыз), Ысык-Көл (4,4 пайыз) жана Баткен (5,9 пайыз) облустарынын жашоочулары вирус тарап жаткан учурда көп тынчсызданган эмес", — деп айтылган Статком тараткан маалыматта.
Бул боюнча сурамжылоону Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь, декабрь айларында жүргүзгөн.