Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОткрытие майнингового центра в Ленинградской области
Открытие майнингового центра в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Тартип сакчылары жарандарды сак болуп, тез байып кетүүнү убадалаган күмөндүү сунуштар болгон учурда милицияга кайрылууну сунуштайт.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Акыркы кезде финансы пирамидалары жана биткоин сатуу боюнча шылуундар көбөйгөнүн шаардык милициядан кабарлашты.

Мындан улам тартип сакчылары жарандарды сак болуп, тез байып кетүүнү убадалаган күмөндүү сунуштар болгон учурда милицияга кайрылууну сунуштайт.

"Шылуундар адатта социалдык тармактар аркылуу жарандарды, өзгөчө жашы жете электерди белек, бонустар менен өздөрүнө тартат. Бирок ар бир адам эч качан бекер нерсе болбосун түшүнүшү керек. Ошондой эле азыр биткоин арзандап кетти. Бул учурда пайда көрүп кал дегендер көп болууда. Мунун баары адамды алдагандык", — дешти милициядан.

Обращение доллара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Финансы пирамидасынын принциби менен иштеген уюмдар кайсы аймакта экени айтылды
Ошондой эле азыр шылуундар пайда көрүүнүн жаңы ыкмасын тапканы айтылат. Алар криптовалюта чогултууга үйрөтөбүз деген шылтоо менен телефонуна атайын тиркемени жүктөп алууну сунушташат.

Чындыгында ал программа аркылуу алар адамдын мобилдик капчыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

Буга чейин милиция финансылык пирамиданы аныктоо жолдорун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0