Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык

© Фото / предоставлено Азаматом ЖаналиевымХудожник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Өзгөчө ыкма менен иштеген сүрөтчү Азамат Жаналиев буга чейин бир катар дүйнөлүк лидерлердин портретин тартып, аларга жолугуп сүрөтүн тапшырган.

Сүрөтчү учурда мык жана жиптин жардамы менен hi legends долбоорунун алкагында 100 футболчунун сүрөтүн тартууда. Алар 2022-жылы Катарда өтүүчү дүйнөлүк футбол чемпионатында атайын көргөзмөгө коюлат.

"Улуу кыргыз изи" коомдук фондунун жетекчиси, сүрөтчү Азамат Жаналиев String Art ыкмасы менен сүрөт тартуу өнөрү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Улуу кыргыз изи" коомдук фондунун жетекчиси, сүрөтчү Азамат Жаналиев String Art ыкмасы менен сүрөт тартат
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
"Улуу кыргыз изи" коомдук фондунун жетекчиси, сүрөтчү Азамат Жаналиев String Art ыкмасы менен сүрөт тартат

— 2017-жылы социалдык тармакта "Жети жылдын ичинде жети континентте, 70тен ашуун мамлекетте 350гө жакын стринг-арт ыкмасында тартылган эмгектерди жаратайын" деп жазыптырсыз. Арадан төрт жыл өттү, учурда жогорудагы максатты көздөп баратсаңыз керек. Алгач сөздү сүрөт тартуу ыкмасы, жетишкендиктер жана акыркы жаңылыктарыңыз тууралуу баштасак?

— Бүгүнкү күнгө чейин үч-төрт мамлекетте ири көргөзмөлөрдү уюштурдук. Стринг-арт ыкмасындагы эң көп коллекция азырынча бизге таандык. Акыркы сапарыбыз Сауд Аравиясына болуп, королго өз портретин тапшырдык. Азыр дүйнөлүк чемпионатка карата легендарлуу футбол оюнчуларынын сүрөтүн тартып жатабыз. 2022-жылы Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтчү дүйнөлүк чемпионатта сүрөт көргөзмөбүз уюштурулат. Катарлыктар менен байланышканыбызда алар hi legend долбоорун колдоп, көргөзмө уюштурууга кызыкдар экенин айтышты. Ага чейин ар бир футболчуну өзүнүн туулуп-өскөн өлкөсүнө барып тартабыз деген план бар эле. Бирок Египет менен Түштүк Кореяга барып келгенден кийин пандемия башталып, көп мамлекеттерге боло турган сапарыбыз токтоп калды. Ушул июль айларында Аргентина, Уругвай, Чили, Түштүк Америка, Бразилияны кыдырышыбыз керек болчу. Мыйзам боюнча ар бир өлкөдө эки жумадан обсервацияда жатууга туура келет. Буга убакыт аябай көп кетип калууда. Ошондуктан биз барбасак да сүрөттөр барып келсин деген ойдо сүрөттөрдү гана жөнөткөнү жатабыз. 

© Фото / предоставлено Азаматом ЖаналиевымСүрөтчү учурда мык жана жиптин жардамы менен hi legends долбоорунун алкагында 100 футболчунун сүрөтүн тартууда. Алар 2022-жылы Катарда өтүүчү дүйнөлүк футбол чемпионатында атайын көргөзмөгө коюлат
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Сүрөтчү учурда мык жана жиптин жардамы менен hi legends долбоорунун алкагында 100 футболчунун сүрөтүн тартууда. Алар 2022-жылы Катарда өтүүчү дүйнөлүк футбол чемпионатында атайын көргөзмөгө коюлат

— Жалпы канча футболчунун сүрөтүн тарткан жатасыз?

— Кудай буюрса, 100 сүрөт деп болжоп турабыз. Дүйнө эли урматтаган мыкты футболчулар тартылат. Алардын да ишмердиги, жашоо-турмушу жагынан айырмачылыктары бар. Айрымдары өтө кымбат үйлөрдө жашап, укмуш автоунааларды тээп, миллиарддаган долларга ээ. Ошону менен бирге ушундай эле акча тапкан, бирок өз өлкөсүнө жардам берип көптөгөн бала бакча, мектептерди салып, каражатты калктын социалдык жашоосун жакшыртууга жумшап өзү кадимки карапайым турмушта жашаган оюнчулар да бар. Биз футболчулардын элге жакындарын тандап жатабыз. Командамдын жардамы менен 350 коллекцияны жети жыл аралыгында бүтүрүүгө жетишем. Буга эл да жардам берүүдө. Бишкектеги бир соода борборунда Зинедин Зидандын сүрөтүнө каалоочулар келип тактага мык уруп, атайын баракка аты-жөнүн калтырып кетип жатышат. Кийин ошол тизме менен сүрөттү Зидандын өзүнө жөнөтөбүз. Ал сүрөткө акыркы алтын мыкты уруп, жип байлап, кол тамгасын коёт. Тизмедеги бирөөнү тандап, ага чакан болсо да өз колунан белек берип жиберет. Ошентип кол тамгасы менен дүйнөнүн мен деген футболчуларынын 100гө жакын портрети биздин өлкөдө топтолот. Бул сүрөттөр кийин Дохадагы көргөзмөгө коюлуп, андан соң аукциондо сатылат. Ал портреттер өзү 100 миң доллар турмак, ал эми кол тамга менен миллион долларга чейин барат. Түшкөн акчаны ар бир футболчунун жеке фондуна жөнөтөбүз, бирок келишим боюнча алар акчаны кайрымдуулукка которот.

© Фото / Азамат ЖаналиевКартины футболистов и тренеров в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан
1/2
Картины футболистов и тренеров в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
© Фото / Азамат ЖаналиевКартины в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан
2/2
Картины в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
1/2
Картины футболистов и тренеров в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева
2/2
Картины в стиле стринг-арт художника Азамата Жаналиева

— Сиздин эң алгачкы эмгегиңиз Чыңгыз Айтматовдун портрети экенин билебиз. Ал да аукциондо кымбат баага сатылган. Негизи эле стринг-арт сүрөт тартуу ыкмасына кандайча келип калдыңыз эле?

— Кесибим боюнча архитектормун. Архитектурада да сүрөт тартуунун концепциясын анча-мынча үйрөтөт. Сүрөт тартуу менин бала кезимден берки кыялдарымдын бири болчу. Ал эми стринг-арт менен сүрөт тартып калышыма ата-энемдин да салымы бар. Атам мык какканды үйрөтсө, апам жип менен иштеп, кийим тигүүнү үйрөткөн. 4-5-класста окуп жүргөндө айылда сокмо менен үй салып сыртына мык кагып, аны зым менен ороп, калганын саман шыбак менен шыбаганбыз. Ошондо зым менен бир-эки сүрөт тартып уруш уккам. Айылдаштарым, туугандарым ушул күнгө чейин "балдардын эң эле тентеги Азамат болчу" деп айтышат. Кийин университетти аяктаган соң жашоомдо бир кыйынчылык болду. Анан "балалыктагы кыялдар аруу болгондуктан ийгиликке алып барат" деген ишеним менен ушул идея келди. Алгачкы эмгегимди кыргыздын улуу инсаны Чыңгыз Айтматовго арнагам. Окуган адамды шыктандырып, башка бир дүйнөгө киргизип койгон чыгармалары менен Айтматовду баары тааныйт. Аукциондо сүрөт 300 миң сомго чейин көтөрүлгөн, күткөн эмесмин. Элмурат Алымкулов деген кыргыздын мыкты меценат уулу сатып алып, сүрөттү улуу жазуучунун үй-музейине койгон. "Ошол кезде жазуучу канча жашта болсо, мага ошончо эле акча бергиле, жетет" дедим. Калган сумманы Элдар Айтматов менен кеңешип, Айтматовдун үй-музейине которгонбуз. Ошентип уланып кеткен. 

© Фото / Азамат ЖаналиевАзамат Жаналиев: кесибим боюнча архитектормун. Архитектурада да сүрөт тартуунун концепциясын анча-мынча үйрөтөт. Сүрөт тартуу менин бала кезимден берки кыялдарымдын бири болчу. Ал эми стринг-арт менен сүрөт тартып калышыма ата-энемдин да салымы бар
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: кесибим боюнча архитектормун. Архитектурада да сүрөт тартуунун концепциясын анча-мынча үйрөтөт. Сүрөт тартуу менин бала кезимден берки кыялдарымдын бири болчу. Ал эми стринг-арт менен сүрөт тартып калышыма ата-энемдин да салымы бар

— Кесибиңиз архитектор экен. Сурайын дегеним, бизде стринг-арт ыкмасын үйрөткөн устаттар барбы? Май боёк менен сүрөт тартууну үйрөтүүчү мугалимдер көп эле, бирок мык, балка жана жиптин жардамы менен сүрөт тартуу сейрек кездешет эмеспи...

Айран, топурак менен тарткан эмгектерине жан киргизип. Сүрөтчү Төлгөбектин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Айран, топурак менен тарткан эмгектерине "жан киргизип". Сүрөтчү Төлгөбектин видеосу
— 2001-жылы Бишкекке жаңы келип, Архитектура техникумуна тапшырып жатканда бир кабинеттин эшигин акырын ачып карасам, толтура балдарды отургузуп алып бир мугалим сүрөт тартканды үйрөтүп жатыптыр. Эшиктин кычыгынан шыкаалап карап алып аябай суктандым эле. Чындап келгенде мага үйрөткөн деле устат болгон жок. Жол көрсөтүүчүм болгондо, мүмкүн мындан да чоң ийгиликтерге жетишмекмин деп ойлойм. 

— Башка мамлекеттерде, ошол эле коңшуларда сиздей болуп жип менен сүрөт тарткандар барбы? Аларда бул ыкма кандай жайылган?

— Сегиз жыл мурда бул ыкма менен сүрөт тартып баштаганда дүйнөдө эки-үчөөбүз эле болчубуз. Японияда бир аял, Украинада жана Бразилияда бирден бала бар эле. Анан мен тартып калдым. Ар кайсы өлкөнүн президенттерине байланышып, алардын портреттерин тарта баштаганда мени туурагандар чыкты. Ошентип отуруп акырындан көбөйүп келе жатат. Алар көбөйгөн сайын менде да стимул пайда боло баштады. Анткени алардан бир кадам алдыда жүрүшүм керек да, бул үчүн көп эмгектенүүгө туура келет. Учурда бир нече сүрөт тартып, чет өлкөлөрдө көптөгөн көргөзмөлөрдү уюштуруп келе жатам. Бул техника менен жаңы тарых жаратабыз деп терең ишенем. Ачка-ток болгонума карабай, Кыргызстандын жараны болуп туруп бир чарчы метр жерим жок болсо да максаттарды ишке ашырууга аракеттене беребиз. Тытынып жалгыз кете берсең артыңдан ою бир адамдар чогулуп, колдой берет экен. Мен ошо менен сыймыктанам. Жашоо өтө берет, кийин бала-чаканы, урпактарды шыктандыра турган эмгегибиз калат. 

© Фото / предоставлено Азаматом ЖаналиевымАзамат Жаналиев: сегиз жыл мурда бул ыкма менен сүрөт тартып баштаганда дүйнөдө эки-үчөөбүз эле болчубуз. Японияда бир аял, Украинада жана Бразилияда бирден бала бар эле. Анан мен тартып калдым
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: сегиз жыл мурда бул ыкма менен сүрөт тартып баштаганда дүйнөдө эки-үчөөбүз эле болчубуз. Японияда бир аял, Украинада жана Бразилияда бирден бала бар эле. Анан мен тартып калдым

— Стринг-арт ХVI кылымда эле Англияда пайда болгон экен. Бул техника көбүрөөк кайсы мамлекетте жайылган?

— Алгач стринг-арт техникасын Англиядагы геометрия сабагынан берген мугалим ачкан. Ал төрт бурчтуу, үч бурчтуу геометриялык фигураларды жасап, окуучуларына сабак берчү экен. Убакыттын өтүшү менен жаңыланып отуруп, акыркы беш-алты жылда бул ыкма менен портрет жасоо багыты пайда болду. Аны баштоочулардын бири кыргызстандыктар болуп калды. Азыр менин техникам менен иштеп жаткандар абдан көп. 

— Жалпы иштөө процесси тууралуу айтсаңыз?

— Муну сөз менен айтуу мүмкүн эмес болуш керек... Улам барган сайын чеберчилигим артып, материалдарды өздөштүрүп, жакшыртып жүрүп отурдум. Башында бир жумалап мык каксам, азыр бир күндө кагып коём. Айрымдар "менин жумушум оор" деп даттанышат. Анда көңүл сүйгөн иш менен алектенгиле деп айтар элем. Кандай иш болбосун каалоо менен аткаруу керек. Кечке мык кагып отуруу бизге деле оңой эмес. Бирок "оор" дей берсең эч бир жумуштан майнап чыкпайт. Кыргызстандын ичинде эле ар кайсы чиновниктин сүрөтүн тартып, нан-чайга акча таап отура берсем болот эле. Бирок мен дүйнөлүк лидерлерге, улуу, тарыхый инсандарга басым жасадым. 

© Фото / предоставлено Азаматом ЖаналиевымАзамат Жаналиев: эң эле биринчилерден болуп Рамзан Кадыровдун атасынын, анан Владимир Путиндин сүрөтүн алып барып бердим. Путиндин өзүнө жолуккан жокмун, бирок "белек берүү" фондунун президентине тапшырып кеткем
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: эң эле биринчилерден болуп Рамзан Кадыровдун атасынын, анан Владимир Путиндин сүрөтүн алып барып бердим. Путиндин өзүнө жолуккан жокмун, бирок "белек берүү" фондунун президентине тапшырып кеткем

— Көп эле белгилүү адамдарды тарттыңыз. Өзгөчө башка мамлекеттердин президенттерин тартып жолукканыңыз белгилүү. Сүрөтүн тапшырып жатканда алардын реакциясы кандай болду?

— Эң эле биринчилерден болуп Рамзан Кадыровдун атасынын, анан Владимир Путиндин сүрөтүн алып барып бердим. Путиндин өзүнө жолуккан жокмун, бирок "белек берүү" фондунун президентине тапшырып кеткем. Андан кийин Режеп Тайип Эрдогандын сүрөтүн тарттым. Монголиянын президенти Баттулга менен бир эмес, эки-үч жолу жолугуп, баарлашып отурдук. Монголиянын жарандыгын алууну да сунушташты. Бирок мекениме колдон келишинче сырттан акча тартып, эмгек жасагым келет. Ошондой эле Дубайдын эмирлери, Сауд Аравиясынын королунун да кабыл алуусунда болдум. Булар саясий чөйрөдөгү лидерлер. Эми биз дүйнөлүк спорт, искусство жана кино тармагындагы жылдыздарга басым жасайлы деп турабыз.

Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2018
Эмгегим Кытайда 7 миң долларга сатылды. Сүрөтчү Таалайбек Усубалиев менен маек
Ал эми ар кимдин реакциясы ар кандай болот. Бул жакта жөн эле сүрөттү берип койбостон, ар бир сүрөттүн жан дүйнөсүн, философиясын түшүндүрүп берем. "Бир кагылган мык — мен, экинчиси сиз. Ушул мыктардын бардыгы бүтүндөй адамдарды түзсө, жиптер ортодогу мамилени түшүндүрөт. Келип чыккан сүрөт, жалпы бир бүтүндүктү жана бир калк, улутту туюнтат. Ал сиз караган өлкөнүн биримдиги, бүтүндүгү жана ынтымагы. Бул сүрөт сизге кыргыз элинин атынан белек" деп бардык эмгектерди элибиздин атынан ыйгарам. Баш-аягы 16дай мамлекетте болдум. Азыр Дубай, Катар жана Калифорнияда өтүүчү көргөзмөгө даярданып жатабыз. Бир гана иштеш керек.

— Сүрөттөрүңүз сатыкка кетеби?

— Меники көбүнчө коллекциялык сүрөттөр. Буларды сатыкка коё элекмин. Бир-эки жолу кризис убагында сатыкка коюлган учурлар болгон. Сүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" фильминдеги Бактыгулдун ролундагы карышкырдын көз карашы менен карап турган образы азыр деле сатыкта турат. Каалоочулар болсо алса болот. Ал сүрөттүн өзгөчөлүгү фосфор менен тартылгандыктан түнкүсүн күйүп турат. Калган сүрөттөр ири көргөзмөлөрдө сатылып, акчасы дүйнөлүк иш-чараларга сарпталышы керек.

© Фото / предоставлено Азаматом ЖаналиевымАзамат Жаналиев: меники көбүнчө коллекциялык сүрөттөр. Буларды сатыкка коё элекмин. Бир-эки жолу кризис убагында сатыкка коюлган учурлар болгон. Сүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" фильминдеги Бактыгулдун ролундагы карышкырдын көз карашы менен карап турган образы азыр деле сатыкта турат
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: меники көбүнчө коллекциялык сүрөттөр. Буларды сатыкка коё элекмин. Бир-эки жолу кризис убагында сатыкка коюлган учурлар болгон. Сүймөнкул Чокморовдун "Караш-Караш окуясы" фильминдеги Бактыгулдун ролундагы карышкырдын көз карашы менен карап турган образы азыр деле сатыкта турат

— Сүрөттүн баасы кандай бычылат? Көлөмүнөбү же ким тартылганына жарашабы?

Художник Азизбек Сулайманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2020
Эмгектери Лондондун галереяларында турат. Художник Сулайманов менен маек
— Ким тартылгандыгынан да көп нерсе көз каранды. Таанып-билип жан дүйнөсүн жакшы билбегенден кийин тааныбаган адамдарды көп тарта албайм. Канча аракет кылсаң да окшошпой калат. Өзүмө жаккан инсандардын сүрөттөрү абдан жакшы чыгат. Тартардын астында адамдын жан дүйнөсүн изилдейсиң. Буюртма бергендер абдан көп. Мен алардан эки ай убакыт сурайм. Анткени тарта турган кишимди жакшы таанып, жакындан изилдеп чыгышым керек. Буюртманын көбүнөн баш тартам. Дос, туугандардын арасында да таарынгандар абдан көп болот. Башында тарткан портреттеримдин узундугу 2,5 метр, туурасы 1,25 метр, салмагы 40-50 килограммдан жогору болчу. Башка өлкөгө алып барып да тарткандыктан учакта көйгөй жаратчу. Азыр узун-туурасын бир топ кичине кылдым. Мурункудай жыгачка эмес, буканын терисин чойдуруп туруп аны кагазга ороп ошонун бетине тартып жатам. Бул абдан өзгөчө ыкма. Теринин мык менен жипке да пайдасы көп, сакталышы да узак болот.

— Стринг-артка канча каражат кетет? Ошол мыктардын арасында алтыны да бар экендигин билебиз...

— Бир сүрөткө эки килограммдын тегерегиндеги латундан жасалган мык жана үч чакырымга жетчүдөй полиэстер жиби кетет. Полиэстер жиби бирдей температурада турса, бери жагы 500 жылдай сакталат. Мен көбүнчө портретке кара түстөгү жипти пайдаланам. Баасы кымбат эле. Азыр пандемияга байланыштуу латун мыктары Кыргызстанга келбей, Алматыга буюртма берүүнү ойлоп жатам. 

— Мурда мыкты бир жума какчумун деп айтып калдыңыз. Азыр бир сүрөттү канча убакта бүтөсүз?

— Айрым адамдардын чачы да, муруту да жок. Мында иштин көлөмү азыраак болот. Мисалы, Зидандын сүрөтүн тартуу оңой. Ал эми Марадонанын сакалы да, чачы да узун. Бул ишти көбөйтөт. Жаңы баштап жатканда портретти бир айлап тартып, колдор ооруп, жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып азыр кол бышып калды. Бир окуучум бар. Экөөлөп тартып жатабыз. Мүмкүн келечекте үчөөлөп, анан бешөөлөп иштеп каларбыз. 

© Фото / предоставлено Азаматом ЖаналиевымАзамат Жаналиев: Стринг-арт мектебин мүмкүн 20-30 жылдан кийин ачып калармын. Өзүм жетишерлик билим чогултуп, анан элге берүүм керек
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: Стринг-арт мектебин мүмкүн 20-30 жылдан кийин ачып калармын. Өзүм жетишерлик билим чогултуп, анан элге берүүм керек

— Келечекте стринг-арт мектебин ачуу оюңузда барбы?

— Албетте, бар. Мүмкүн 20-30 жылдан кийин ачып калармын. Өзүм жетишерлик билим чогултуп, анан элге берүүм керек.

— Пандемия сиздин чыгармачылыгыңызга кандай таасир этти?

— Мен эле эмес, азыр көп эле сүрөтчүлөрдүн топтогон байлыгы, каткандарынын баары түгөндү. Машинабызды сатып, буюмдарыбызды күрөөгө коюп отуруп, эми азыр кайра жандануу акыбалында турабыз. Анткени биз эч жерден беш-он миң сом айлык албайбыз. Сүрөтчүлөр сүрөтүн тартып, сатылышын күтүп отурат. Мамлекет деле сүрөтчүлөргө, искусствого бир аз көңүл буруп койсо деген тилек бар.

Маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиосунан уксаңыздар болот:

Жаналиев: 100 футболчунун портрети стринг-арт стилинде тартылат
Жаңылыктар түрмөгү
0