Эми калкты тейлөө борборлорунан никеде турбагандык боюнча справка алса болот

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевДеятельность центров обслуживания населения в Бишкеке
Деятельность центров обслуживания населения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Мындай документ чет өлкөдөн үйлөнүп, никеге турууну пландагандар үчүн пайдасы тийиши мүмкүн. Аталган документ айрым өлкөлөрдө кыймылсыз мүлк сатып алууда, сатууда талап кылынат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. 2021-жылдын 12-июлунан тарта Кыргызстанда никенин жоктугу боюнча документти бардык эле калкты тейлөө борборунан, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнөн алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай кадам элге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын убактысын үнөмдөө үчүн жасалган.

"Адамдын никеде турбагандыгы боюнча справка Кыргызстандын жарандарына гана берилет. Аны 14 күндүн ичинде кадимки режимде акысыз алууга болот. Ал эми тез аранын ичинде алууну каалагандарга үч күндө даярдалып берилет. Ага банктык кызматтарды эске алуу менен 170 сом төлөнөт", — деп айтылат маалыматта.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Былтыр өлкөдө расмий никеде турбаган энелерден 30 миңден ашык бала төрөлдү
Бул документ чет өлкөдөн үйлөнүп, никеге турууну пландагандар үчүн пайдасы тийиши мүмкүн. Мындан сырткары, справка айрым өлкөлөрдө кыймылсыз мүлк сатып алууда же сатууда да талап кылынат.

Үй-бүлөлүк статуска байланышкан справканы алуу үчүн ID паспорту жетиштүү болот. Эгер жаран өзү жок болсо, анда анын нотариалдык жактан ишенимдүү өкүлү да ала алат. Аталган документ алты айлык мөөнөткө берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0