Миллиондогон чыгым болуу коркунучунда. "Аврораны" Эсеп палатасы текшерди

© Sputnik / Михаил ДудинПляжный сезон на Иссык-Куле
Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
Аудиторлор айрым активдер колдонулбай турганын жана медициналык кызмат көрсөтүүдө кирешенин өтө эле төмөн экенин аныктаган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. "Ысык-Көл Аврора" мамлекеттик ишканасында улутташтырылган мүлктү жоготуп алуу тобокелдиги бар. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.

Ведомство Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы ишканалардын 2019-жылга карата канчалык майнаптуу иштеп жатканын текшерген. Алардын ичинде кеп болуп жаткан "Аврора" дагы бар.

"Улутташтырылган 7,44 гектар жер тилкесин жана 142 миллион сомдук инженердик жабдууларды жоготуп алуу коркунучу бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду
Ошондой эле аудиторлор айрым активдер колдонулбай турганын жана медициналык кызмат көрсөтүүдө кирешенин өтөт эле төмөн экенин аныктаган. Мындан тышкары, бири-бирин кайталаган кызмат орундар көп болгондуктан, санаторийдин ишин жаңылап, башка нукка буруу талап кылынаары белгиленген.

"Дебитордук карызы 1,8 эсе өсүп, 8,7 миллиондон 15,4 миллион сомго жеткен. Ичинде объектилерди ижарага алгандар акысын төлөй албай, карызы 14,9 миллион сомго чукулдаган", — деп айтылат кабарда.

"Ысык-Көл Аврора" — мамлекетке тиешелүү ири санаторийлердин бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0