11:12 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1360 0 0

Бул райондун аталышы "Ноодогу кат" дегенден келип чыгышы мүмкүн, ага далилдүү фактылар да бар. Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгон дешет.

Кыргызстандын кооз жерлерине саякаттап келүүнү кааласаңыз Ноокат районуна сөзсүз түрдө барыңыз деп айтар элек. Анткени бул аймакта сиз каалаган кооздук, уламыштарга бай ыйык жерлер, космоско алып бара турчу үңкүрлөр бар. Анан да даамдуу мөмө-жемиштери менен сизди жылуу тосуп алчу меймандос элди кезиктиресиз.

Sputnik Кыргызстан бул ирет Ош менен Баткенди бириктирип турган Ноокат району менен тааныштырат. Маалыматтар Жусуп Молдобаевдин "Ноокат Таалим-баян" китебинен алынды.

Район болуп калыптанганына 100 жылга чукулдады

Ноокат Кыргызстандын түштүк-батышындагы Ош облусунда жайгашкан, район катары 1928-жылы 24-декабрда уюшулган. Аянты 4,04 миң чарчы чакырым. Өзбекстан, Баткен облусу, Кара-Суу, Кадамжай, Алай жана Чоң Алай райондору менен чектешет. Калкынын саны 206 миңди түзүп, 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбур–Кан кендери) жана курулуш материалдарынын кени казылат. Климаты континенттик деп эсептелинип, жайы ысык, кургак болуп 24 градуска жетсе, кышында күндүн табы 2,6 градуста сакталып мелүүн суук болот, кар аз түшөт.

Алмасы менен таанымал, тамекисине Черчилль баа берген

Ноокаттын алмасы түштүк жергесинде брендге айланып, сатып алгандардын саны арбын. Ошондой эле картошкасы, дегеле жашылчасы, мөмө-жемиштери өзгөчө даамдуулугу менен айырмаланат. Андан тышкары, Ноокаттын брендге айланган тамекисин учурунда Англиянын премьер-министри Уинстон Черчилль да жогору баалаган экен. Сугатка кеңири пайдаланылган бир катар ири дарыялары бар. Алар: Кыргыз-Ата, Абшырсай, Ак-Буура, Кичи-Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чилисай. Булардын катарын Найман суу сактагычы толуктайт. 

Продажа яблок в сельскохозяйственной ярмарке в Бишкеке
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алма сатуу

Сырдуу жерлери

Кыргызда жети ыйык санга кирет. Эмнегедир Ноокат районунда да жети саны көп кездешет. Жети суусу, жети тоо (чоку) жана Кыргыз-Ата, Олуя-Ата, Абшыр-Ата, Кочкор-Ата, Камал-Ата, Таштар-Ата, Кызыр-Ата болуп жети "ата" курчап турат.

Бул аймак чын эле ыйык мекенби, айтор, ар кандай сырдуу жерлери менен таң калтырып келет. Анын бири Абшыр-Ата шаркыратмасы. Уламыштарга караганда, бул жерде мурун сүт агып турчу экен, адамдар таза колдонбогондуктан сууга айланып кеткен имиш. Андан тышкары, күн системасын изилдеген "обсерватория" деп аталган Чили-Сайы бар. Ал тууралуу алдыда сөз кылабыз. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Ажайып Кыргызстан: Абшыр-Ата шаркыратмасы

Ал эми Кара-Кой жайлоосу жадагалса кышында да жапжашыл болуп, кооздугу көз талытат. Таштарга курандын аяттары түшүрүлгөн Сааба мазары да кызыгууну жаратат. Бул жерге VII-VIII кылымдарда пайгамбардын маектештери – сахабалары, Абу Бакр Сыдыктын урпактары келип кеткени айтылып жүрөт. 

Вид на горы в заповеднике Кара-Кой Ноокатского района
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кара-Кой жайлоосу

Мындай көрүнүштөрдөн улам Ноокат жергесине ислам дини тереңдеп киргенин аңдоого болот.

Ноокат деген ат кайдан келген?

Ноокаттын алгач "Долоно-Ой" деп аталгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Анын себеби бул жакта мурун долоно көп өскөн, саздак жана түрдүү жырткычтар мекендеген жер болгон.

Башка вариантында, ноо — суу жүрүүчү түтүк. Ноокаттагы Чили-Сайдын кире беришинде ак мармар таштан тик кесилген узундугу 2,5 чакырым, туурасы 10-15 метр, бийиктиги 30-50 метр болгон таш ноо бар. Анын ичинде аалам сырлары катылган сүрөттөр тартылган дешет. Окумуштуу Лутфулла Жусупакматовдун айтымында, бул мурда жашап өткөн цивилизациядагы адамдардын бизге калтырган астрономия илими жөнүндөгү каты.

Мындай сырдуу байыркы обсерватория жер ааламды, галактиканы, айды, күндү, байыркы адамдардын жашоо мыйзамын, астрономиясын, бай мурасын, философиясын, календарын чагылдырган космосту изилдөөчү жер болгон. Демек, "Ноодогу кат" деген сөздөн келип чыгышы толук мүмкүн.

Анткен менен Ноокат деген аталыш "жаңы кат" дегенди түшүндүрөт деген да талаштар бар. Арабчадан "ноу" жана "кат" деген сөздөр "жаңы кат, жаңы жазуу" дегенди билдирген. Бул жерде ташка басылып, мүрзө бетине койгон балбал эстеликтерде араб жазуулары түшүрүлгөн. Ноокатта Мухаммед пайгамбардын сахабаларына байланыштуу Сааба-Мазар (Сахаба-Мазары дешет) жайгашкан. Ошол жерде аалымдардын сөөгү коюлуп, арабча жазылган таш эстеликтер бар деп айтылат.

Тарыхый фактылар

Чынгыз хандын бекзадалары Ноокат жергесинин жаратылышына кызыгып так курдурган.

Гулистан айыл аймагынын Кызыл-Сай кыштагында зындан бар. Бирок анын тарыхын эч ким билбейт.

Сааба-Мазардагы жазууларды биринчи орус окумуштуулары революцияга чейин эле көрүп, Ташкенттен чыккан журналдарга жарыялаган.

Археология сүйүүчүлөрү Түркстан кружогунун мүчөлөрү экспедиция жасап, Чили-Сай жазууларын кабарлашкан.

Ноокатта чыны чыгарган ири завод иштеген.

Ноокаттан Жакутбулбулсыргадай (алтын короз таажысы) табылган. Азыркы учурда бул баа жеткис тарыхый табылгалар Санкт-Петербургдагы Эрмитаж музейинде сакталуу.

Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгон.

Алгачкы коло доорундагы байыркы Чуст маданиятынын издери Бөрү-Дөбөдөн археолог Юрий Заднепровский тарабынан 1981-жылы аныкталган. Ал бул жердеги көрүстөндөрдөн 48 адамдын табытын таап, көрүстөн ислам дини киргенге чейинки көчмөн элдерине тиешелүү деген тыянак чыгарган.

Тема боюнча

Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"
Таластагы Индия, Кочкордогу Тайвань... Жергиликтүүлөр атап алган айылдарга саякат
Белгилер:
Ноокат, жер, үңкүр, тарых

ЭҢ МААНИЛҮҮ