Элдин ою эске алынды. Электр энергиясына тариф боюнча долбоор кайра каралды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр энергиянын счётчиги. Архив
Электр энергиянын счётчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Жазылуу
"2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, эл үчүн бирдей баа — бир киловатт-сааты 1,09 сом болмок.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги өткөн айда электр кубатына жаңы тарифтерди сунуштап, долбоор коомдук талкууга коюлган. Эми ага элдин, ЖК депутаттарынын жана президент Садыр Жапаровдун сунуш-пикирин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, эл үчүн бирдей баа — бир киловатт-сааты 1,09 сом болмок.

"Коомдук талкуу учурунда көптөгөн сунуш-пикирлер түштү. Көпчүлүгү быйыл электр жарыгын кымбаттатпоону өтүнүүдө. Президент Садыр Жапаров дагы эл үчүн 2021-жылы тарифти сактап берүүнү сунуштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам сунуштарды эске алуу менен долбоор кайрадан иштелип чыкты:

калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;

бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт.

Насос станциялары:

  • суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • Майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0