Дипломатия академиясын түптөгөн Нургазы Кемелбаев көз жумду

© Фото / из личного архива Нургазы КемелбаеваПочетный профессор Дипломатической академии Нургазы Кемелбаев
Почетный профессор Дипломатической академии Нургазы Кемелбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Кемелбаев көп жылдар бою СССРдин, андан соң эгемен Кыргызстандын дипломатиялык кызматтарында иштеген.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Көпкө созулган оорудан кийин экс-дипломат Нургазы Кемелбаев көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлады.

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 23-июлда, саат 10:00дө өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Кемелбаев 1939-жылы Ысык-Көл облусунун Аксай айылында туулган.

Эмгек жолун англис тилин окутуучу, орто мектептин мугалими жана райондук партия комитетинин инструктору болуп баштаган. Андан кийин 1974-жылы СССРдин дипломатия тармагында Индиянын Калькутта шаарындагы Башкы консулдугунун вице-консулу болуп эмгектенген.

Заседание Совета ЕЭК с участием и.о. премьер-министра Артема Новикова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
РКӨФ төрагасы Артем Новиковдун атасы көз жумду
1978-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы кеңешчиси, КРдин ТИМинин эл аралык уюмдар, пландоо жана тышкы саясаттын экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КРдин Түркиядагы элчилигинин кеңешчиси, КМШ башкармалыгынын жана маалымат бөлүмүнүн кеңешчиси болуп иштеген.

Нургазы Кемелбаев 2001-жылы КРдин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын жетектеп, улуттук дипломатия мектебин өркүндөтүп, көптөгөн келечектүү адистерди даярдаган.

Мамлекетке жасаган өзгөчө эмгеги бааланып, Даӊк медалы, кыргыз өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Россия Федерациясынын биринчи даражадагы Горчаков ордени менен сыйланган. Ага "Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы, ошондой эле республика үчүн дипломатиялык кадрларды үзүрлүү даярдагандыгы үчүн "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери" ардак наамы ыйгарылган.

Өлкө президенти Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү Нургазы Кемелбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Некрологдо Кемелбаевдин өмүрүн татыктуу жашап өткөнү, абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгону белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0