Кыргызстанда калкка көрсөтүлгөн кызматтар канчага кымбаттады. Статистика

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСитуация в связи с коронавирусом в городах России
Ситуация в связи с коронавирусом в городах России  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүдөн чачтарачтын кызмат көрсөтүүлөрүнө чейин кымбаттаган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 4,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда жалпы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы 1,2 пайызды түздү.

Баасы жогорулаган кызматтардын тизмеси:

  • Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү (6,7 пайызга);
  • турак жайларды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (5,9 пайызга);
  • кийим тигүү кызматтары (4,3 пайызга);
  • жеке транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо (3,8 пайызга);
  • амбулатордук кызмат көрсөтүү (2,7 пайызга);
  • маданий иш-чараларды уюштуруу (2,5 пайызга);
  • чачтарачтын кызмат көрсөтүүлөрү (1,6 пайызга);
  • транспорт кызматтары (1,5 пайызга);
  • мейманкана тейлөөсү (1,5 пайызга).
Жаңылыктар түрмөгү
0