Марипов Баткенде сел алган жерден кабар алып, тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында мурдагы күнү болгон селден 31 турак жай жабыркаган.

БИШКЕК, 22-июл — Sputnik. Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен районунун сел жүргөн Газ жана Согмент айылдарына барып кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчү тартылган.

"Зарыл болгон учурда дагы кошумча күч тартылат. Кыска мөөнөттө атайын техниканын жардамы менен жолдорду, турак жайлардын жана башка имараттардын короо-жайын тазалоо иштерин жыйынтыктоо керек. Адамдар тез арада кадимки жашоо нугуна кайтуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшоо зарыл", – деди Марипов.

Ошондой эле ал жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү зарылдыгына басым жасады.

Заваленные камнями и землей дома — видео последствий селя в Лейлеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Таш менен топуракка толгон үйлөр. Лейлектеги селдин кесепетинин видеосу
"Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн кооптуу шартта жашоо мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар менен биргеликте табият кырсыктарын алдын алуу боюнча мындан аркы иш-аракеттердин планын түзүүсү тийиш. Бул багытта ийгиликтүү иш алып барган башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө зарыл", — деди ал.

Баткен облусунун Баткен районунун Газ жана Согмент айылдарында мурдагы күнү болгон селден 31 турак жай жабыркаган. Учурда келтирилген зыяндын кесепетин баалоо боюнча иштер жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0