Коронавирустан 12 киши каза таап, миңден ашуун адам ооруп калды. Статистика

© AFP / OLGA MALTSEVAМедициналык кызматкер дезинфекциялоо кабина аркылуу өтүп жатат
Медициналык кызматкер дезинфекциялоо кабина аркылуу өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Пандемиядан бери расмий түрдө 150 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталып, тең жарымы айыкты. Тилекке каршы, эки миңден ашууну көз жумду.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын 1 837 киши жеңди, дагы 1 169 адам вирус жуктурса, 12 бейтап ооруну жеңе албай калганын Республикалык штаб кабарлады.

Айыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 1 303;
  • Ош шаары — 95;
  • Чүй — 155;
  • Ош — 35;
  • Талас — 13;
  • Нарын — 12;
  • Ысык-Көл — 36;
  • Жалал-Абад — 95;
  • Баткен — 93.

Ушуну менен оорудан 130 742 киши сакайды.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 760;
  • Ош шаары — 13;
  • Чүй — 132;
  • Ош — 31;
  • Талас — 12;
  • Нарын — 17;
  • Ысык-Көл — 52;
  • Жалал-Абад — 76;
  • Баткен — 76.
  • Жалпы 153 878 адам ооруду.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде 12 киши өтүп кетти. Алардын алтоо Бишкекте, Чүйдө төртөө, Нарында жана Баткенде бирден бейтап дарыланып жаткан. Пандемия жалпысынан 2 217 адамдын өмүрүн алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0