Өзбекстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында сел жүрөрү айтылууда

© REUTERS / Muhammad HamedСел өткөн учурда кишилер. Архив
Сел өткөн учурда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
21-23-июль күндөрү Өзбекстандын тоолуу райондоруна нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүп жаткандыктан кайрадан сел жүрөт деп божомолдонууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында нөшөрлөгөн жаан жаап, катуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Буга чейин Шахрисабс шаары менен Наманган облусунда сел жүргөн.

"21-23-июль күндөрү тоолуу райондорго нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүп жаткандыктан кайрадан сел жүрөт деп божомолдонууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Наманган облусу түндүгүнөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен чектешет.

Эске салсак, акыркы күндөрү Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүп, адам өмүрүн алган учурлар болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0