Бишкек: COVID жуктургандарды жаткыра турган 517 орун бар. Акыркы маалымат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМедициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Мурдагы эки күндө бош койкалар көбөйө түшсө, бүгүн кечээкиге салыштырмалуу жыйырма орунга азайган.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакасында коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн 14 ооруканада 517 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 22-июль саат 08:00гө карата 14үндө бош орун бар.

Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:

  • Улуттук хирургия борбору — 20;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 20;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 23;
  • №2 шаардык клиникалык  оорукана — 47;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 30;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 33;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 10;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 34;
  • Аскердик госпиталь — 19;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 145;
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 45;
  • Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 57;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 12.
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 22.

Мурдагы эки күндө бош койкалар көбөйө түшсө, бүгүн кечээкиге салыштырмалуу 20 орунга азайган.

Кыргызстанда бүл күндөрү коронавирус азайбай, күнүгө 9-10дон кем эмес адамдын өмүрүн алып кетип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0