22-июлда Бишкектин кээ бир жерлеринде жарык өчөт. График

© AFP / JORGE GUERREROЛампочка. Иллюстративдик сүрөт
Лампочка. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Монтаждоочу бригадалар Бишкек шаарында жана жаңы конуштарда электр мамыларын орнотуп, трансформаторлорду ремонттошот.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектин кээ бир жерлеринде бейшемби күнү, 22-июлда, жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-18:00 — Чүй проспектисинин айрым бөлүктөрүндө, Бейшеналиева, Пушкин, Ала-Арча көчөлөрүндө, Турусбеков көчөсүндөгү № 48 үйдө, Арча-Бешик (Бакаева, Щербет, Арча-Бешик көчөлөрү) жана Ак-Босого (Чүй көчөсүндөгү № 33, 34 үйлөр) конуштарында;
  • 9:30-18:00 — Жибек жолу проспектисинин бөлүктөрүндө, Ялтинский, Орозбеков, Жантошев, Бектенов, Элебесов, Фирсов, Васильев, Токтоналиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Баткен, Нарын, Нединский, Кара-Жыгач туюк көчөлөрүндө, Балдар айылында, Г.Гмайнер атындагы мектепте, Рухий-Мурас (6-7-көчөлөр) конушунда.
Жаңылыктар түрмөгү
0