Марипов: Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алат

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочая поездка председателя кабинета министров КР Улукбека Марипова в Баткен
Рабочая поездка председателя кабинета министров КР Улукбека Марипова в Баткен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Өкмөттөн билдиришкендей, Максат айылында фельдшердик-акушердик пунктунун курулушу жыйынтыкталганы турат. Милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мектеп толугу менен калыбына келтирилген.

БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр. Бул тууралуу Улукбек Марипов билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна кеткен.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна кеткен. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна кеткен.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн
Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБилим берүү мекемеси 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр
Билим берүү мекемеси 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр - Sputnik Кыргызстан
4/4
Билим берүү мекемеси 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр
1/4
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө талкаланган Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр.
2/4
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна кеткен.
3/4
Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн
4/4
Билим берүү мекемеси 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна кеткен.

"Мектепти калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Билим берүү мекемеси 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр", — деди Марипов.

Ал ошондой эле жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен дагы таанышкан.

"Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөргө асфальт төшөө жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл", — деген ал.

Өкмөт башчы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө жабыркаган Максат айылындагы чек ара постуна дагы барып, калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Марипов: селден каза таап, жабыркагандардын жакындарына жардам берилет
Сапардын жүрүшүндө Марипов Лейлек районунун Кулунду жана Сада айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Өкмөттөн билдиргендей, Максат айылында фельдшердик-акушердик пунктунун курулушу жыйынтыкталганы турат. Милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мектеп толугу менен калыбына келтирилген. Ал эми 100 орунга эсептелген "Сейтек" балдар бакчасынын курулушу 70 пайызга аяктаган.

Мындан тышкары, 10 турак жайдын курулушу жыйынтыкталып, 40 турак жайдын курулушу 70 пайызга бүткөрүлгөн. Лейлек районунун Максат айылында жалпысынан 83 турак-жай объекти курулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0