Бишкектин четиндеги конуштардын бирине жаңы мектеп курулат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги класс. Архив
Мектептеги класс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Жаңы курула турган мектеп 700 окуучуга ылайыкташкан. Долбоорлоо-сметалык документтери толук бүткөн. Учурда тендер жарыяланды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Быйыл Бишкектин четиндеги Рухий-Мурас конушунда мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Баш калаанын Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев конуштун тургундары менен жолуккан.

"Аким быйыл шаардык бюджеттин эсебинен Рухий-Мурас конушунда жалпы билим берүүчү орто мектептин курулушу башталарын айтты. Жаңы мектеп 700 орунга ылайыкташкан. Долбоорлоо-сметалык документтери толук бүткөн. Учурда мамлекеттик сатып алуулар порталында тендер өткөрүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Бийлик өкүлү ыш маселесин чечүү боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аймакты газдаштыруу менен маселе чечилерин белгиледи.

Мындан сырткары, жолугушууда шаардык транспорт башкармалыгына Учкун — Аламүдүн-1 — № 5 ҮДТ (ЦСМ)  — "Таатан" базары багыты боюнча кошумча марштруттук каттам иштеп чыгуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0