БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектеги ишканалар кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү үчүн акимчиликтерге кайрылса болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Буга чейин уюштурулган эмдөөдөн район жетекчилери баш болуп, төмөндөгү мекемелер өттү:
- Соода борборлордун биринде уюштурулган эмдөөдөн 50дөн ашык кызматкер өтүп, алардын катарында Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев дагы болду;
- Свердлов районунун жетекчиси Бахтияр Карымшаков, акимчиликтин кызматерлери, кварталдык комитет төрагалары дагы коронавируска каршы эмделишти;
- Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов менен бирге акимчилик кызматкерлери гана эмес, мектеп мугалимдери дагы вакцина алышты;
- Биринчи май районунун жетекчилиги менен акимчилик кызматкерлери эмдөөдөн өтүп, эми жаңы конуштардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат;
- "Бишкек жылуулук энерго" мекемесинин инженер, слесарь, оператор, контролерлору жамааты менен эмделишти;
- Бишкек троллейбус башкармалыгынын 46 кызматкери вируска каршы вакцина алышты.
Кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү каалаган мекемелер акимчиликтерге каалоочулардын тизмеси менен кайрылуусу керек.