Кыргызстанда пневмонияга кабылгандардын саны өсүп жатат. Статистика

© AP Photo / Sophia SandurskayaСитуация в России из-за пандемии коронавируса
Ситуация в России из-за пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, республика боюнча январь-июнь айларында 16 190 адамдан пневмония табылган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда пневмония менен ооругандардын саны былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 24,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына караганда, республика боюнча январь-июнь айларында 16 190 учур катталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 13 026 жарандан пневмония табылган.

"Нарын облусунда пневмонияга кабылгандардын саны 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл жана Бишкекте 1,6 эсеге көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда Баткен (25,3 пайыз) жана Талас (20,1 пайыз) облустарында ооругандардын саны кыскарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0