COVID жуктургандарды кабыл алган ооруканалардагы бош орундар. Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в ГКБ №52
Лечение больных с COVID-19 в ГКБ №52 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Мындан бир нече күн мурда ооруканалардагы бош койкалардын саны аз болсо, кечээ, бүгүн кайрадан көбөйө баштаган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 16 ооруканада 537 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 21-июль саат 10:00гө карата 16сында бош орун бар.

Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:

  • Улуттук хирургия борбору — 24;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 40;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 23;
  • №2 шаардык клиникалык  оорукана — 34;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 1;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 42;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 38;
  • Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 8;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 10;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 35;
  • Аскердик госпиталь — 17;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 143;
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 30;
  • Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 64;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9.
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 19.

Мындан бир нече күнү мурда ооруканалардагы бош койкалардын саны аз болсо, кечээ, бүгүн кайрадан көбөйө баштаган. Бирок республикада коронавирус жуктуруп алгандар менен көз жумгандардын саны азайбай жатат. Соңку суткада вирус 1 102 кишиге жугуп, тогуз бейтап көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0