Адис: COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасынан кийин өзгөчө сактануу керек

© Sputnik / Жанна Манукян / Медиабанкка өтүүСиньцзян-Уйгурский автономный район
Синьцзян-Уйгурский автономный район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Инфекционисттин айтымында, адам вакцинанын биринчи дозасынан кийин вирус жугузуп алса, экинчи дозага чейин дарыгерге кайрылып кеңеш алуусу зарыл.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын алган соң вирус жугузуп алуудан сактануу керек. Ошондой эле эмдөөнүн алгачкы күндөрү оор жумуш жасабай эле койгон туура экенин РИА Новости агенттигине инфекционист-дарыгер Андрей Поздняков билдирди.

"Биринчи дозаны алган соң организм антитела пайда кылуу үчүн болгон күчүн жумшап иштей баштайт. Ушул учурда организмге "тирүү вирус" кирип кетсе кесепети начар болушу мүмкүн. Мисалы, көп органдар жабыркайт", — деди дарыгер.

Анын айтымында, адам болбой эле вирус жугузуп алса, экинчи дозага чейин дарыгерге кайрылып кеңеш алуусу керек.

Мындан тышкары, адис вакцина алгандан кийин 2-3 күн өзү кыйналып турган организмди оор жумуш жасап, ого бетер алсыздандырбаш керектигин кошумчалады.

Старт повторной вакцинации от COVID-19 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
COVID: вакцинанын экинчи дозасын албай койсо эмне болору айтылды
"Айрым учурда вакцинадан кийин антитела калыптанбай калган учурлар болууда. Бирок бул вакцина вирустан коргой албайт дегенди түшүндүрбөйт. Иликтөөлөр боюнча 1 миллион кишинин арасынан 50 миңинде вируска каршы иммунитет калыптанбай калууда. Айрым организмдердин өзгөчөлүгүнөн улам пайда болгон антителаны деле кадимки ыкмалар менен аныктоо мүмкүн болбой калышы ыктымал", — деди Поздняков.

Учурда коронавирус боюнча абал көп өлкөлөрдө курчуп, адистер оорудан арылуунун бирден-бир жолу эмдөө экендигин бир ооздон айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0