Коронавирустан айыккан кишиде оорунун түбөлүк калчу кесепети айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДезинфеция автобусов в Новосибирске
Дезинфеция автобусов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Адис бул синдромдун 20дан 60ка чейин симптому бар экенин белгиледи. Анын катарында алсыроо, баш, муун жана булчуңдардын ооруганы, уйку көйгөйү, көкүрөктөгү оору, депрессиянын күчөшү бар.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. COVID менен ооруган бейтаптар үч айдан тарта өмүрүнүн акырына чейин илдеттен кийинки кесепетке кабылышы ыктымал. Бул тууралуу жогорку категориядагы терапевт-дарыгер Алексей Водовозов "URA.RU" маалымат булагына айткан.

Анын белгилешинче, илдеттен кийинки синдром адамда тез-тез пайда болот.

"Синдром ооругандардын болжол менен төрттөн үч бөлүгүндө төрт жумадан 12 жумага чейин, калгандарында 12 жумадан чеги аныкталбаган убакытка созулат", — деген медик.

Старт повторной вакцинации от COVID-19 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
COVID: вакцинанын экинчи дозасын албай койсо эмне болору айтылды
Ал белгилегендей, бул синдромдун 20дан 60ка чейин белгиси болот. Анын катарында алсыроо, баш, муун жана булчуңдардын ооруганы, уйку көйгөйү, көкүрөктүн оорушу, депрессия жана терморегуляциянын бузулушу, когнитивдик функциялардын төмөндөшү бар.

Адис "ковидден кийинки синдром" азырынча так аныктала электигин билдирди. Ден соолукту тезинен калыбына келтирүү үчүн Водовозов көп кыймылдоону жана басууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0