Ар бир жандын саламаттыгы аманат. Муфтий Ракиев элди куттуктады

© Фото / пресс-служба ДУМКГлава Духовного управления мусульман Кыргызстана, муфтий Замир Ракиев
Глава Духовного управления мусульман Кыргызстана, муфтий Замир Ракиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Ракиев өлкө мусулмандарына кайрылып, ыйык Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырды.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өлкөнүн мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Диний башкармалыктын башчысынын куттуктоосун муфтияттын маалымат кызматы таратты.
Президент Кыргызстана Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Аруулуктун майрамы. Жапаровдун Курман айтка карата куттуктоосу
Муфтий пандемиядан улам быйыл ажылык болбой калганын, азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык абал сакталып турганын айтып, коомчулукту санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
"Ар бир жандын саламаттыгы аманат. Кара тумоодон элибизди Жараткан Алла-Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Кудай шыпаасын берсин", — деди муфтий.
Ракиев өлкө мусулмандарына кайрылып, ыйык Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырды.
Муфтий Курман айт майрамы менен элге жакшылык, молчулук, токчулук, бакубат жашоо келишин тилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0