Бишкектин айрым көчөлөрүндө 21-23-июль күндөрү газ өчөт. Тизме

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Борбордогу үч көчөнүн кесилиштериндеги жер астындагы түтүктөрдү оңдоо пландалып жаткандыктан газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин айрым жерлеринде 21-23-июль күндөрү газ өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, Ташкөмүр жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана Лев Толстой 126, көчөсүндөгү жер астындагы түтүктөр оңдолот. Буга байланыштуу борбордун төмөнкү көчөлөрүндө газ берилбейт:
  • Ахунбаев, Гшлиессер, Шакиров көчөлөрү жана Тынчтык проспекти менен чектешкен аймакта;
  • Түндүк ипподром, Лев Толстой, Термечиков, Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта;
  • Лев Толстой көчөсүндөгү №51, 53/1, 55, 57, 59, 61, 61а үйлөрдө.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурады.
Жаңылыктар түрмөгү
0