Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген кишилердин саны 222 миңден ашты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOНачало вакцинации препаратом Sinopharm в Кыргызстане
Начало вакцинации препаратом Sinopharm в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
COVID-19га каршы эмделгендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 8 767си Ош облусунда.  Мындан сырткары, Ысык-Көл менен Жалал-Абадда да вакцина сайдыргандар көп.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 221 817ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бир сутка ичинде өлкөдө 21 120 адам эмделген. Жалпысынан 18-июлга карата 221 817 кыргызстандык вакцина алса, анын ичинен 95 328и экинчи дозасы менен эмделген.
Облустар боюнча вакцина алгандардын саны:
  • Бишкек шаары – 53 352;
  • Ош шаары – 17 861;
  • Чүй облусу – 27 193;
  • Ош облусу – 48 271;
  • Ысык-Көл облусу – 19 235;
  • Талас облусу – 8 201;
  • Нарын облусу – 8 547;
  • Жалал-Абад облусу – 28 914;
  • Баткен облусу – 10 243.
Бир сутка ичинде Кыргызстанда 1 373 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0