Министр Руслан Казакбаевден коронавирус чыгып, дарыланып жатат

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштери министри Руслан Казакбаев. Архив
Тышкы иштери министри Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Айрым ЖМКлар тышкы иштер министри коронавирустук инфекцияны айдын башында илештирип алганын жазып жатышат.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Тышкы иштери министри Руслан Казакбаев коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
ТИМ жетекчисинин дартка качан кабылып, кайсы жакта дарыланып жатканы тууралуу маалымат жок. Айрым ЖМКлар министрдин вирусту 6-июлда эле илештирип алганын жазышууда. Ага чейин Казакбаев Азербайжанга иш сапары менен барып келген. 
Жаңылыктар түрмөгү
0