Катар өлкөсүндөгү ашпозчу Манас: пол жууп, жүк түшүрүп жүрүп ашканага аралаштым

© Фото / из личного архива Манаса АрстанбековаКатар мамлекетинде ашпозчу болуп эмгектенген Манас Арстанбеков
Катар мамлекетинде ашпозчу болуп эмгектенген Манас Арстанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Манас Арстанбеков 2018-жылдан бери Катар өлкөсүндө ашпозчу болуп иштеп келет. 26 жаштагы мекендешибиз ал жакка жаңы барганда англисче санаганды дагы билчү эмес. Азыр ал чоң ресторандардын биринде ашпозчу-кондитер.
Чоң тобокелчиликке салып көздөгөнүнө талпынган мекендешибиз менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Катар мамлекетин атайын көздөдүңүз беле? Кандайча барып калгансыз?
— Биринчи жолу 2018-жылы келгем. Ошондон бери ресторандык бизнес тармагында ашпозчу-кондитер болуп иштейм. Азыр жеке ресторанда ашпозчумун. Башында барганда англис тилин дагы билчү эмесмин. Негизи бул жакка иштеп, ошол эле маалда тилди өздөштүрүп, тажрыйба топтоп андан ары Европа же Америкага кетейин деп келгем. Бирок Катар мамлекетиндеги шарттар мага жагып калып калгам. Ресторанда жумушчулар тажрыйбасына, билимине жараша ар кандай кызматтарга бөлүнөт. Учурда мен башкы ашпозчунун жардамчысымын. Бул позиция катардагы ашпозчулардан жогору турат.
© Фото / из личного архива Манаса АрстанбековаМанас: Москвада беш жыл иштегем. Ошол убакыт аралыгында пол жууп, жүк түшүрүп, оор казан-аяктарды жууп жүрүп ашканага, кафе-барлардын ишине аралашып кетип төрт жыл кондитер болуп эмгектендим
Кыргызстанец работающий поваром в Катаре Манас Арстанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Манас: Москвада беш жыл иштегем. Ошол убакыт аралыгында пол жууп, жүк түшүрүп, оор казан-аяктарды жууп жүрүп ашканага, кафе-барлардын ишине аралашып кетип төрт жыл кондитер болуп эмгектендим
— Буга чейин каякта эмгектендиңиз эле?
— Москвада беш жыл иштегем. Ошол убакыт аралыгында пол жууп, жүк түшүрүп, оор казан-аяктарды жууп жүрүп ашканага, кафе-барлардын ишине аралашып кетип төрт жыл кондитер болуп эмгектендим. Негизи ашпозчулук боюнча билим алган эмесмин, бирок тажрыйбам бар. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирин 2018-жылы экономист адистиги боюнча бүтүргөм. Ошол учурда дипломдук ишимди жактап, чет өлкөгө жумушка орношуу үчүн жергиликтүү фирмаларга документтеримди өткөрүп койгом. Көп өтпөй Катардан фирма чыгып калып интернет аркылуу маектешүү болуп, жасаган тамак-аштардын сүрөт, видеолорун жөнөттүм. Англис тилин жакшы билбегендиктен алдын ала жаттап алган сөздөрүмдү айтып берип өтүп кеткем.
— Англис же араб тилин билбей эле Катарга иштегени барып чоң тобокелчилик кылыпсыз. Анан бөтөн жерде, бөтөн элде жакшы эле кыйналган окшойсуз да?
Ишкер Айбек Кыштобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Кытайдагы бизнесимди 700 миң долларга сурашты. Кыргызстандык ишкер Айбектин баяны
— Ооба. Ал жылдары англис тилин такыр билчү эмес элем. Башында жетекчиликке жасаган тамактарымды дегустация кылдырып, бир кыргыз кыз ортодо котормочу болуп сүйлөшүп ресторанга ишке орношком. Ага иш тажрыйбам түрткү берген. Ашканада иштей баштаганда орус тилинде сүйлөгөн бир дагы ашпозчу жок болчу. Көпчүлүгү Африка, Азия мамлекеттеринен келгендер, өмүрү мен билбеген, укпаган өлкөлөрдөн баргандар чогулуп алышкан экен. Алар менен чогуу жашап, иштеп, сүйлөшүүгө аракет кылып жүрүп тилди өздөштүрүп кеттим. Ага чейин жөнөкөй эле англисче онго чейин санаганды да билчү эмесмин. Бир жолу башкы ашпозчу чогуу иштешкендердин баарын чогултуп, "Манас, онго чейин саначы" деп калды. Ашканада эл толтура. Ошондо англисче оңгулуктуу санай албай коюп кесиптештердин баары каткырып күлүшкөн. Аябай уялып, ошол күндөн баштап тилди өздөштүрүүгө катуу киришкем. Азыр дагы тил курстарына барып жүрөм. Андан сырткары, алгачкы айлары 22 бала бир виллада жашадык. Тамактануучу бөлмөбүз, кир жуучу машинабыз чогуу болчу. Көп эле кыйынчылык көрдүм.
© Фото / из личного архива Манаса АрстанбековаМанас: Катарга 2018-жылы келгем. Ошондон бери ресторандык бизнес тармагында ашпозчу-кондитер болуп иштейм. Азыр жеке ресторанда ашпозчумун. Башында барганда англис тилин дагы билчү эмесмин
Кыргызстанец работающий поваром в Катаре Манас Арстанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Манас: Катарга 2018-жылы келгем. Ошондон бери ресторандык бизнес тармагында ашпозчу-кондитер болуп иштейм. Азыр жеке ресторанда ашпозчумун. Башында барганда англис тилин дагы билчү эмесмин
— Сиз иштеген ресторан кардарларга кайсы элдин тамактарын сунуштайт? Жергиликтүүлөргө кыргыздын тамактарын жасап каласызбы?
— Биздин ресторан Италия ашканасына басым жасайт. Бирок Европа, Араб тамактары да бар. Жергиликтүү арабдар таттууну аябай жакшы көрөт. Ресторан ири соода борбордун ичинде жайгашкандыктан тамак-аш өтө кымбат. Ошого жараша кызмат көрсөтүү да жогорку деңгээлде, жөнөкөй эле ысык десерт 100 риал (2 300 сом) турат. Мындан улам көбүнчө кардарлар жергиликтүү катарлыктар эле. Кыргыздын тамактарын тааныштар менен чогулуп калганда үйдө жасайбыз. Алыс жерде жүргөндө кадимкидей сагынып каласың. Бирок баары бир Кыргызстанда жасалганга жетпейт. Катарга көпчүлүк азык-түлүк сырттан келет, даамы, сапаты анча эмес, өтө кымбат.
© Фото / из личного архива Манаса Арстанбекова Манас: кыргыздын тамактарын тааныштар менен чогулуп калганда үйдө жасайбыз. Алыс жерде жүргөндө кадимкидей сагынып каласың. Бирок баары бир Кыргызстанда жасалганга жетпейт. Катарга көпчүлүк азык-түлүк сырттан келет, даамы, сапаты анча эмес, өтө кымбат
Кыргызстанец работающий поваром в Катаре Манас Арстанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Манас: кыргыздын тамактарын тааныштар менен чогулуп калганда үйдө жасайбыз. Алыс жерде жүргөндө кадимкидей сагынып каласың. Бирок баары бир Кыргызстанда жасалганга жетпейт. Катарга көпчүлүк азык-түлүк сырттан келет, даамы, сапаты анча эмес, өтө кымбат
— Катарда эмгек мигранттары да арбын болуш керек. Ал жактагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү кайсы тармактарда эмгектенет?
— Катардын жергиликтүү тургундары кыргызстандык мигранттарды жакшы кабыл алат. Азыр мекендештерибиздин саны 1000ге жакын болуп калдык окшойт. Бул жакта кара жумушта Индия, Бангладеш, Непал, Пакистандан келгендер аз эле акчага иштешет. Ушуга чейин Кыргызстандан келгендердин үй тазалап, көчө шыпырып же курулушта иштегенин көрө элекмин. Көпчүлүгү аэропортто борт коштоочу, менеджер, ресторан менен мейманканада ашпозчу, официант, супервайзер болуп эмгектенет. Ошондой эле банкта, кеңселерде жогорку кызматты аркалагандар, жеке ишкерлик менен алектенгендер да жок эмес.
— Тажрыйба топтоп, түрдүү окуу, семинарларга катышып турасыңбы? Маяна жакшы эле болуш керек?
— Кээде өзүбүздүн позициябызды жогорулатуу үчүн жумуштан сырткары тренингдерге катышып турабыз. Негизи чынчыл болуп, ишиңди сапаттуу кылсаң компания тарабынан сөзсүз колдоо көрсөтүлөт. Ал эми эптеп-септеп жасалган иштер бааланбайт. Контракт боюнча күн сайын сегиз сааттан иштейбиз. Кээде шартка байланыштуу өз ыктыярым менен ашыкча иштеп калам, ага эки эсе төлөнөт. Мисалы, мен 1200 доллар айлык алсам, дагы иштегениме жараша акча кошулат. Кудайга шүгүр, маянам жакшы эле.
© Фото / из личного архива Манаса АрстанбековаМанас: Катардын жергиликтүү тургундары кыргызстандык мигранттарды жакшы кабыл алат. Азыр мекендештерибиздин саны 1000ге жакын болуп калдык окшойт. Бул жакта кара жумушта Индия, Бангладеш, Непал, Пакистандан келгендер аз эле акчага иштешет
Кыргызстанец работающий поваром в Катаре Манас Арстанбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Манас: Катардын жергиликтүү тургундары кыргызстандык мигранттарды жакшы кабыл алат. Азыр мекендештерибиздин саны 1000ге жакын болуп калдык окшойт. Бул жакта кара жумушта Индия, Бангладеш, Непал, Пакистандан келгендер аз эле акчага иштешет
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Кыргызстандан алган дипломумду буюрса Катарда жарагандай кылып легалдаштырып жатам. Банкта иштөө үчүн англис, араб тилдерин мыкты билишим керек. Алдыда үй-бүлө куруп, бул жакта дагы бир нече жыл иштеп анан Кыргызстанга барсам деп жүрөм. Мекенге барганда жакындарым менен Бишкекте чакан кондитердик ишкана ачууну кыялданып калабыз. Буюрса, убакыт келгенде аны да баштайбыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0