Японияга келин болгон Асел: төрөттөн кийин оорумду туура тамактануу жеңди

© Фото / из личного архива Асел МинагавыЯпонияга келин болгон кыргызстандык Асел Минагава жолдошу жана кызы менен
Японияга келин болгон кыргызстандык Асел Минагава жолдошу жана кызы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандык Асел Минагава Японияга келин болгон. Ал япон маданияты, туура тамактануу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана бала тарбиялоо боюнча маалыматтары менен социалдык тармактарда активдүү бөлүшүп турат. Аселди ашкана блогери деп атаса да болот.
Бир кездери Бишкекте бөтөлкө чогултуп сатып жүргөн кыз тырышып окуп жогорку билимди Лондондон алган. Бактысын да ошол жактан тапкан. Жолдошу Кыргызстанга келип кайын журту менен бир жылдай жашап кеткен.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел менен япон элинин өзгөчөлүктөрү, ашканасы жана блогерлиги тууралуу маек курду.
— Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз.
— Мен Бишкек шаарында төрөлүп өскөн катардагы жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын. Ата-энем курулуш инженерлери, учурда Кыргызстанда турушат. Төрт бир туугандын улуусумун. Балалыгым 1990-жылдардын көпчүлүк балдарындай эле бөтөлкө, темир чогултуп сатуу менен өттү. Анын акчасына сагыз, "покемон" сатып алып, кайра үстүнө бир аз акча кошуп сатчумун (күлүп).
Кийин япониялык жигитке турмушка чыгып, азыркы тапта эки баланы тарбиялап жатабыз.
— Жаңылбасам "мектепте жаман окугам" деп жазган экенсиз. Анан кантип окууга өттүңүз?
— Ооба, анткени мага мектептин программасы такыр жакчу эмес. Жогорку окуу жайларга башкача таризде акылымды сынап, маектешүү, мотивациялык кат аркылуу алышты. Алгач Токмок шаарында Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинде эл аралык мамилелер багытында, андан кийин Лондондо социолог адистигине окудум.
© Фото / из личного архива Асел МинагавыКыргызстандык Асел Минагава Японияга келин болгон. Ал япон маданияты, туура тамактануу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана бала тарбиялоо боюнча маалыматтары менен социалдык тармактарда активдүү бөлүшүп турат
Кыргызстана Асел Минагава живущая в Японии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандык Асел Минагава Японияга келин болгон. Ал япон маданияты, туура тамактануу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана бала тарбиялоо боюнча маалыматтары менен социалдык тармактарда активдүү бөлүшүп турат
— Тил үйрөнүүдө кыйынчылыктар жаралган болуш керек.
— Учурда кыргыз, орус, англис жана япон тилинде сүйлөй алам. Албетте, буга чейин чет өлкөлөрдө англисче сүйлөгөндүктөн япон тилин үйрөнүү кыйын болду. Японияга биринчи барганда таанышуу жагынан бир аз кыйналдым. Мен япончо кыйратып сүйлөй албайм же алар англис тилин билишпейт. Бирок убакыттын өтүшү менен өздөштүрүп кеттим.
— Лондондо жүрүп кантип япониялык жигит менен таанышып, баш кошуп калдыңыз?
22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Лейлектен АКШга жеткен Нурмухаммед: жүрөк өйүгөн кыялым үчүн келе бердим
— Жолдошум Теру менен Лондондогу студенттик кечелердин биринде таанышкам. Толтура адамдын арасынан ошол гана көрүнүп жатты. Үнү да диктордукундай экен. Мени биринчи көргөндө япон кыздарына окшоштуруптур. Жаныма келип япончо кайрылганда мен түшүнбөй англисче "эмне?" деп суроосуна суроо менен жооп бердим. Бирок Теру эле эмес, анын артынан дагы эки бала келип телефон номеримди сурап тажатышты. Негизи мага мындай ызы-чуу жерлер жакпайт. Курбу кыздар болбой алып келишкен. Ошентип аларга жинденип кетип калдым. Бирок үйгө барганда тиги баланы эстеп эч эле уктай албай койдум. Эмне болуп жатканымды түшүнө албадым. Акыры анын номерин таап өзүм жазсам, ал да уктабай мени ойлоп жатканын айтты. Биздин сүйүү ошентип башталган.
— Деген менен биздин менталитет башка, мындай учурда ата-эненин макулдугун алуу маселе жаратчу эле...
— Жаңы тааныштырайын деп жатканда чындыгында коркком. Теру келип, аэропорттон чыкканда эле атамдарга япон маданиятындагыдай баш ийкеп "Саламатсызбы, менин атым Теру, мен Япониядан келдим" деп саламдашты. Атам да "Йокосо, Теру балам" (кош келдиң, Теру) деп учурашты. Ата-энем жакшы кабыл алгандан кийин жүрөгүм тынчый түштү. Негизи алар заманбап ой жүгүрткөн кишилер. Ошондуктан эч кандай көйгөй жаралган жок.
— Жолдошуңуз биринчи келгенде Кыргызстандын элине кандай баа берди?
— Экөөбүз Бишкекте бир жыл жүрүп кеткенбиз. Кайра дагы барып жашагысы келет, жаратылышыбызды аябай жактырган. Бирок таштандыларды көрүп "кооз жаратылышты барктабайт экенсиңер" деп айтканы бар. Ал кыргыздардын меймандостугун, ачык мүнөзүн жана боорукерлигин жактырат. Андан башка бизде көпчүлүк бири-бирин тааныганын жана Японияга салыштырмалуу арзанчылык экенин айткан. Теру бизди италиялыктарга окшоштурат.
© Фото / из личного архива Асел МинагавыАсел Минагава: учурда кыргыз, орус, англис жана япон тилинде сүйлөй алам. Албетте, буга чейин чет өлкөлөрдө англисче сүйлөгөндүктөн япон тилин үйрөнүү кыйын болду. Японияга биринчи барганда таанышуу жагынан бир аз кыйналдым
Кыргызстана Асел Минагава живущая в Японии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Асел Минагава: учурда кыргыз, орус, англис жана япон тилинде сүйлөй алам. Албетте, буга чейин чет өлкөлөрдө англисче сүйлөгөндүктөн япон тилин үйрөнүү кыйын болду. Японияга биринчи барганда таанышуу жагынан бир аз кыйналдым
— Япониянын каада-салты, маданияты такыр башкача болсо керек. Көнө албай кыйналган жоксузбу?
— Ооба, ал жактын маданияты такыр башкача. Япониялыктар дароо эле ачыла бербейт, бир аз уялчаагыраак келишет. Теру экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө да көпкө чейин мамилебизди досторунан жашырып жүрдү. Жакшынакай эле кыз болсом, неге башкаларга айткысы келбейт деп капаланып да жүрдүм. Көрсө бул алардын маданиятына байланыштуу экен. Бир жолу досторубуз менен отуруп калдык. Адатыбызча экөөбүз эки жакка бөлүнүп кеттик. Бир убакта кыздар менен чогуу турган жерибизге бир топ бала келип, сөзгө тартып калышты. Теру улам биз тарапты кылчайып карап коёт. Акыры сыр бербей жаныбызга келди. Капысынан бир жигит анын көзүнчө мени жолугушууга чакырып жатпайбы. Теру эмне дейт экен деп унчукпай карап турсам "эч жакка барбайт, ал менин сүйлөшкөн кызым" деп үн катты. Ошондон кийин гана башкалар бизди кыз-жигит катары көрө баштады. Уялчаактыктан башка алар биздей меймандос эмес, бирок абдан эмгекчил, чынчыл адамдар. Ар дайым берген убадасын аткарып, ишин аягына чейин бүтүрүшөт.
— Ал жакта үй-бүлөлүк жашоо тартиби кандай?
Программист Алтынай Нуркамилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2019
Жаңыдан аралашкандар да 300 доллар алышат. КРдеги маянасы жогору кесиптин сыры
— Тилекке каршы, мен бүтүндөй япон элинин атынан сүйлөй албайм. Бирок ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн баалуулуктары бар. Кимдир бирөө үчүн үй-бүлө маанилүү. Ал көп акча таап балдарын багышы керек. Дагы бирөө үчүн карьера биринчи орунда турат. Аларга көп иштеп, карьерасын тургузуу жакшыраак. А биз үчүн үй-бүлөбүз кудайдан берилген эң жакшы белек. Биз бири-бирибизди коргоп, билген нерсебизди үйрөтүп, жардам беришибиз керек. Мага алардын маданиятындагы жеке, үй-бүлөлүк мамилелерине кийлигишпегени, бирөөгө кантип жашоону үйрөтпөгөнү жагат. Ар ким өз көз карашын бирөөгө таңуулабай жашайт. Ал эми ачык-айрым болбогону бир аз жага бербейт. Бирок бул ошол элдин өзгөчөлүгү, аны өзгөртпөйт элем. Япондор өтө токтоо, эмоцияга алдырбаган адамдар.
— Алардын тамактануу маданияты да өзгөчө, баары эле чөп-чар деп калышат.
— Японияда тамактануу — бул бүтүндөй чоң бир искусство. Тамак-аш жөнүндө сүйлөшкөндү, эксперимент жүргүзгөндү жакшы көрүшөт. Бул өзгөчөлүк алардын маданияты болуп эсептелет. Көбүнчө жашы улуулар үчүн тамак тең салмактуу, пайдалуу жана даамдуу болушу керек. Алар балыкты, жашылча-жемишти жана, сиз айткандай, чөп-чарды көбүрөөк жешет.
— Бизде япон аялдары кеч улгаят деген түшүнүк калыптанып калган. Мунун сыры эмнеде?
— Албетте, аялдар бардык жерде сөзсүз картайышат. Бирок япон айымдары ар дайым өзүн жакшы карап, көп басууга, аз тамактанууга көңүл бурушат. Атайын эсептелген калориядагы тамактар менен азыктанганга аракет кылышат. Тынымсыз кыймыл-аракетте болгону үчүн кеч улгайышат.
© Фото / из личного архива Асел МинагавыАсел Минагава: Япониянын маданияты такыр башкача. Алар дароо эле ачыла бербейт, бир аз уялчаагыраак келишет
Кыргызстана Асел Минагава живущая в Японии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Асел Минагава: Япониянын маданияты такыр башкача. Алар дароо эле ачыла бербейт, бир аз уялчаагыраак келишет
— Туура тамактануу боюнча адис экенсиз. Кайдан билим алдыңыз?
— Америкалык нутрициологдордон онлайн билим алгам. Пандемияга байланыштуу офлайн окууга мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Азыр Россиядагы академиялардын биринде билимимди жогорулатып жатам, буюрса октябрь айында бүтүрөм.
— Туура тамактанууга өткөнүңүзгө эмне түрткү болду?
Жаш ырчы Сырга Сагынбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Ырчы Сырга: жактырган жигитке арнап жазган ырым элге таанытты
— Төрөттөн кийин иммунитетим кескин төмөндөп, депрессияга түшүп калдым. Муундарым, башым катуу ооруп, бетиме безетки чыгып, булардын айынан 27 килограмм арыктадым. Ар кандай дарыгерлерге кайрылып, барбаган жерим калган жок. Бирөө стресстин айынан десе, башкасы төрөткө шылтап, кыскасы, ар кандай антибиотиктерди ичип, ашказаным да ооруп калды. Бул учур мен үчүн тозоктогудай сезилди. Анан туура тамактанууну изилдеп, пайдалуу азыктарды колдонуу менен айыктым. Негизи бардык нерсенин артында бир жакшылык бар экен. Мындай нерсени башымдан өткөрбөсөм, диетологияга келбейт болчумун. Өзүм эле эмес, эми башка энелерге да тамак-аш аркылуу жардам берем.
— Баракчаңызда көбүнчө эмнелер жөнүндө бөлүшөсүз, аудиторияңыздын көпчүлүгү кайсы жактан?
— Блогумда тамак-аш, өзүн-өзү өнүктүрүү, бала тарбиялоо жана япон маданияты жөнүндө айтып турам. Көбүнчө окуялар менен, күнүмдүк жасаган ишимди, "лайфхактар" жана тамак жасоону чагылдырам. Негизинен менин аудиториям дүйнөнүн ар кайсы бурчунан. Көпчүлүгүн Россия, Казакстан, Украина жана биздин өлкөдөгүлөр түзөт. Анын ичинен балалуу аялдар басымдуулук кылат. Менин блогум аркылуу миллиондогон аялдар ден соолугун чыңдап алышын каалайм. Мындан ары дагы ушул иштин үстүндө иштей берем.
© Фото / из личного архива Асел МинагавыАсел Минагава: менин кызымдын аты Инори Мария, ал эми баламдыкы Аюму Нур. Аларды жолдошум экөөбүз "сүйгүлө, сыйлагыла, үйрөткүлө жана коргогула" принцибинде тарбиялайбыз
Кыргызстана Асел Минагава живущая в Японии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Асел Минагава: менин кызымдын аты Инори Мария, ал эми баламдыкы Аюму Нур. Аларды жолдошум экөөбүз "сүйгүлө, сыйлагыла, үйрөткүлө жана коргогула" принцибинде тарбиялайбыз
— Көпчүлүк айымдар ашыкча салмак менен күрөшүп жүргөнүн көп көрөбүз. Ал да туура эмес тамактануудан болушу мүмкүнбү?
— Мен дайыма айымдарга туура максат коюш керектигин айтып келем. Алгач семирип жаткан себебин аныкташ керек. Анткени ашыкча салмакты кайсы бир дарт шарттайт. Ошондуктан арыктоо үчүн эмес, чың ден соолукка жетүү үчүн максат коюу керек. Толуп кеткен айымдар бир эле мезгилде жүрөк оорусуна дагы чалдыгышы мүмкүн. Ага калкан сымал без көйгөйлөрү же гормондук системанын бузулушу себеп болот. Бул нерсе менен күрөшүү үчүн жашоо образын жана тамактануу режимин өзгөртүү маанилүү.
— Сиздер балдарыңыздарды кандай тарбиялайсыздар? Негизи эле япондордо балага кандай мамиле жасайт?
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшаной Сатарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек
— Менден "Асел, Японияда 6 жашка чейин балдарга эч нерсеге тыюу салынбайт деген чынбы?" деп сурашат. Мунун баары туура эмес калыптанып калган ойлор. Тескерисинче, бул жерде ата-эне балдарына көп нерселерге тыюу салышат. Мисалы, коомдук жайларда ызы-чуу чыгарбоого, таштанды ыргытпаганга, аксакалдарга сөзсүз сый мамиле кылууга үйрөтөт. Ата-энелер балдары менен эрезеге жеткендей сүйлөшөт. Менин кызымдын аты Инори Мария, ал эми баламдыкы Аюму Нур. Аларды жолдошум экөөбүз "сүйгүлө, сыйлагыла, үйрөткүлө жана коргогула" принцибинде тарбиялайбыз. Үйдө баары график жана тартип менен аткарылат. Кечки саат 20:00дө сөзсүз укташат. Биз үйдө көп китеп окуп, балдар менен тез-тез сүйлөшүп турабыз. Үйдө жашыруун жай бар, ал жакта балдарыбыз тарткан сүрөттөрүн, ар кандай буюмдарды сакташат. Көбүнчө алар менен ойноп жатканда же баарлашуу учурунда руханий жактан дагы өнүгүүсүнө жардам бергенге аракет кылабыз. Бул өтө маанилүү .
— Жолдошуңуз эмне менен алектенет?
— Ал кесиби боюнча химик-инженер. Бирок учурда IT тармагында инженер болуп иштеп жатат.
— Кыргызстанга келүү планыңызда барбы?
— Албетте, алдыда пландар бар. Жакын арада пандемия боюнча абал оңолот деп үмүттөнөбүз. Абал турукташса эле мурункудай кеңири барып-келип калабыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0