Ажырашсаң балдарды таштайсың... Жигитинин апасы коркуткан кыздын каты

© Фото / Pexels/ mentatdgtСүйлөшүп жаткан аялдар. Архив
Сүйлөшүп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. “Психолог менен баарлашуу” рубрикасына бул жолу келечектеги кайненесинин талабына таң калган кыз кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен 26 жаштамын. Былтыр Бишкектеги ЖОЖдордун бирин аяктап, өз кесибим боюнча жеке ишканага жумушка киргем. Ал жерден өзүмөн үч жаш улуу кесиптеш жигит менен жакшы болуп, эки ай мурда жигитим колумду сурады. Тилек (аты өзгөртүлдү — ред.) бардар үй-бүлөнүн уулу. Бирок мен анысына деле кызыккан жокмун, өзү абдан адамгерчиликтүү, тың, тамашакөй, мээси кыйын иштеген бала. Экөөбүз бир көргөндө эле бири-бирибизге жагып, тез тил табышып кеткенбиз. Ал мени айттырбай түшүнөт, сыйлайт, баалайт. Кыскасы, экөөбүз баш кошсок, бактылуу өмүр сүрөбүз го деп ойлойм.
Эки жума мурда ал мени апасы менен тааныштырды. Келечектеги кайненем дагы абдан тың, үйдөгү маселенин баарын өзү чечкен аял экен. Тилек менен сүйлөшүп алышканбы, айтор, үчөөбүз жолуккан соң 10-15 мүнөт өтпөй эле Тилек жумушум чыгып калды деп кетип калды. Балээнин баары апасы экөөбүз бетме-бет калганда башталды. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү көрсөңөр кудум эле кинодогудай, бир чети күлкүм келип, бир чети таң калып, бир чети ыйлагым келди.
Плотина Узкиза в Испании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жүрөк оорулуу да болуп калдым. Жигитинин коркутканынан тажаган кыздын каты
Көрсө ал мурда эле мен жөнүндө маалымат топтоп жүрүптүр. Жолугушууга нике келишимин даярдап койгон экен. “Менин балам көрүнүктүү жигит, оокат-жайын даярдап койгонбуз, бизнесибиз бар. Сен жаш кыз эмес экенсиң. Демек, көздөгөнүң бар. Кийин балам менен ажырашып кете турган болсоң, башыбызды оорутпашың керек” деди. Келишимде жазылгандарды окуп алып кадимкидей шок болдум. Андагы шарттар боюнча үй-жай, машина, иши кылып мүлктүн баары күйөөмдүн атында болуп, ажырашып кетсек, мен бардык нерседен баш тартышым керек экен. Экинчиден, Тилектен өзү берген акчадан тышкары эч качан акча сурабашым керек деп талап кылыптыр. Эң кызыгы, экөөбүз ажырашып кете турган болсок, канча балабыз болсо дагы мен аларды таштап, үйдөн өзүм чыгып кетишим керек экен. Мунун баарын көргөндө башында айткандай же күлөрүмдү же ыйларымды билбей калдым. Бул эмне деген шумдук?
Албетте, мен оокат-жайлуу адамга турмушка чыгарыма бардык эле аялзатына окшоп кубанып жаткам. Ким эле ыңгайлуу, бардар турмушта жашагысы келбесин? Бирок менде ошолордун оокатын аша чаап пайдаланам, ажырашсам бир нерсе өндүрүп алам деген ой болгон эмес. Тилекти сүйүп, ага турмушка чыккым келип жатса, эмнеге ажырашам деп ойломок элем? Же Тилек жашы өткөн, түрү суук, эч ким тийбей койгон бирөө болсо бир жөн, акчасына карап жатат дегидей. Андай балага бай болбосо деле турмушка чыккысы келген кыздар четтен чыкмак.
Мен жолугушуудан кийин унчукпай эле кетип калгам, ошондон бери апасы ойлондуңбу, макулсуңбу деп 5-6 жолу чалды. Телефонуман аты чыкканда жүрөк зырп этчү болду.
Тилекке айтсам, "жүрөгүңө жакын кабыл алба, апамдын айткандарына макул деп коё бер" деп койду. Кантип макул дейм?! Чын эле ажырашып кете турган болсок, үй-жайын мындай коёлу, балдарымды алып коюшабы? Ошондо өмүрүм, эмгегим талаага кетип, чемоданым менен сыртка чыгып каламбы? Ажырашпай жакшы жашаган күндө деле мындай эсепчил кайненем жашоомду тозокко айландырып салбайбы?
Психолог Перизат Калмаматова:
Психология илиминде вампиризм түшүнүгү бар. Мында адам жакындарынын жашоосуна аша чаап кийлигишип алат. Бул жерде Тилектин апасы баласынын жашоосу менен жашап алгандай сезилет. Кыздын жазганына ишенсек, жигити 30 жашка чукулдап калган, тың, камчы салдырбаган бала экен. Мындай балдар эчак эле ата-энесинен “эркиндикке” чыгып, өз жашоосун өзү каалагандай калчап калат.
Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Келинимдин чыр салганы жанга батты, чыдабай баратам... Кайнененин даты
Экинчи жагынан автор айткандай, үйдөгү маселенин баарын чечкен аял болсо, демек, байлыкты дагы тапканга салымы чоң. Эгер андай болсо өзү аял экенине карабай чуркап иштеген, маңдай тер төккөн, жаштыгын арнаган. Ошол себептен бул эмгегим акылсыз бирөөнүн колунан жок болуп кетпесин деп тынчсызданып жатышы мүмкүн.
Менимче, сиз бул маселени дагы бир ирет жигитиңиз менен талкуулап көрүшүңүз керек. Колдон келсе, анын апасы менен дагы 1-2 ирет жолугуп, сүйлөшүп көрсөңүз туура болот. Сүйлөшүү жолу менен гана анын чындыгында кандай адам экенин билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0