COVID болуп айыккандан кийин Кыргызстанга келгиси келген туристтер көбөйдү

© AFP / ANDREAS SOLARO Көл жээгинде эс алып жаткан кыз. Архив
Көл жээгинде эс алып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, рекреациялык туризм Кыргызстанда мурда деле суроо-талапка ээ болчу. Бирок акыркы кезде өзгөчө популярдуу болуп бара жатат.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Чет элдик туристтерди Кыргызстан COVID-19га кабылып сакайгандан кийин саламаттыгын калыбына келтирүүчү жай катары кызыктырып жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
Анын айтымында, рекреациялык (саламаттык жана күчтү калыбына келтирүү — ред.) туризм Кыргызстанда мурда деле суроо-талапка ээ болчу. Бирок акыркы кезде өзгөчө популярдуу болуп бара жатат.
"Ысык-Көл, андагы жерден чыккан ысык суулар, тоолордогу таза аба жабыркаган өпкөнү, негизи эле дем алуу системасын оорудан кийин калыбына келтирүүчү касиетке ээ. Ошол себептүү коронавирус болуп сакайган чет элдиктер Кыргызстанга келебиз деген тилегин билдирип, ушул нерсеге кызыгып жатат", — деди Кенжематова.
Ошондой эле ал Кыргызстанда ден соолугун калыбына келтирүүнү каалагандар көбүнесе "Бардыгы ичинде" системасын (Аll inclusive) сурап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0