Азербайжандан Бишкекке жардам катары 40 миң доза AstraZeneca келди

© Sputnik / Густаво Вальенте / Медиабанкка өтүүAstraZeneca вакцинасы. Архив
AstraZeneca вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Гуманитардык жардам Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ташырмасынын негизинде жөнөтүлгөнү белгиленди.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бүгүн Азербайжан гуманитардык жардам катары жөнөткөн 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы Бишкекке келип түштү. Бул туурасында Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Бир суткада өлкөдө 18 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Көбү Ошто
Гуманитардык жардам коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү максатында Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ташырмасы менен жөнөтүлгөнү белгиленди.
Ошондой эле элчилик өткөн жылдын апрель айында Алиевдин демилгеси менен Кыргызстанга суммасы 500 миң долларга бааланган медициналык буюм жана жеке коргонуучу каражаттар гумжардам катары берилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0