Бишкекке монорельс куруу пландалууда: артыкчылык жана кемчиликтери

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМосковский монорельс
Московский монорельс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Бишкекте монорельстик транспорттук система курууга түркиялык Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş компаниясы кызыкдар болууда.
Инвестициялар министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү ведомство менен аталган компаниянын ортосунда Бишкекте монорельстик транспорттук система куруу боюнча меморандумга кол коюлду.
Буга чейин борбор калаа мэриясы "Бишкек монорельстик транспорт системасы" долбоорун иштеп чыккан. Муниципалитет жерден 5-7 метр бийикте курулган бир рельстүү жол аркылуу вагондорду каттатууну пландап жатат. Долбоордун негизги максаты — жол кыймылы коопсуздугун күчөтүү жана коомдук транспорттун ишинин сапатын жакшыртуу. Рельстердин узундугу 37 чакырымды түзүп, анда 31 станция болмокчу. Эки линияда 150-180 кишини батырган вагондор каттайт.
Эске салсак, бул маселе 2006-жылы көтөрүлгөн. Сегиз жыл өткөндөн кийин мэрия маселени иштеп чыгууга киришкени белгилүү болгон. 2016-жылы "Бишкек башкы архитектура" ишканасы шаардын 2025-жылга чейинки генералдык планын көрсөтүп, анда монорельстик жол дагы камтылган.
Sputnik редакциясы монорельстик системанын кандай артыкчылыктары жана кемчиликтери бар экенин билип көрдү.
Монорельс — эстакада аркылуу рельс менен жүрүп, эл ташыган транспорттун бир түрү. Адатта ири аэропорттордун ичинде же шаар менен аэропорттун ортосунда, айрым учурда чоң-чоң эс алуу парктарында колдонулат.
Алгачкы монорельстердин бири Германиянын Вупперталь шаарында 1901-жылы курулган. Ал ушул күнгө чейин иштеп, жылына 20 миллион жүргүнчү ташыйт. Ылдамдыгы саатына 60 чакырымга жетип, жолдун көпчүлүк бөлүгү суунун үстүнөн өтөт. 
© AFP / INA FASSBENDERАлгачкы монорельстердин бири Германиянын Вупперталь шаарында 1901-жылы курулган
Вуппертальская подвесная железная дорога Schwebebahn - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Алгачкы монорельстердин бири Германиянын Вупперталь шаарында 1901-жылы курулган
Россияда жападан жалгыз Москва монорельси бар. 2000-жылдардын башында анын курулушуна 6,3 миллиард рубль кеткен. Узундугу — 4,7 чакырым. 2017-жылдан кийин чыгымы көп деп таап, жаап салышкан. Жылына аны тейлөө үчүн 800 миллион рубль кетчү. 
© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРоссияда жападан жалгыз Москва монорельси бар
Московский монорельс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Россияда жападан жалгыз Москва монорельси бар
Артыкчылыктары:
  • шаардын жолдорунда орун ээлебейт жана тыгындарды азайтат;
  • метрого караганда курулушуна азыраак акча кетет;
  • башка транспорттор менен дээрлик кагышпайт;
  • эки рельстүү транспортко караганда чукул бурулуштардан жакшы өтөт;
Кемчилиги:
  • поезддер бийиктиктен кулап кетиши мүмкүн;
  • авария болгон учурда вагондор токтотулса, айрымдарынан жүргүнчүлөр чыга алышпайт;
  • тейлөө акысы кымбатыраак;
  • монорельстик жолдор ири көлөмдө жүргүнчүлөрдү тейлей албайт;
  • илинме монорельс кээде термелиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0