Муфтият айт намаздын программасын таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный айт намаз в центральной мечети Бишкека
Праздничный айт намаз в центральной мечети Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Буга чейин коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу айт намазды эски аянтта эмес мечиттерде окуу чечими кабыл алынган.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Муфтият айт намаз Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окуларын эскертип, анын программасын жарыялады.
Намаз 20-июль күнү эртең менен окулары белгилүү болгон. Коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу эски аянтта эмес мечиттерде окуу чечими кабыл алынган.
Программасы:
  • 07:00-07:20 — муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:20-07:30 — куттуктоолор;
  • 07:30 — айт намаз
Муфтият айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сакташы керектигин айтты:
  • бет каптын болуусу талап кылынат;
  • ар бир адамга жайнамазын ала келүү сунушталат;
  • мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталсын;
  • жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
  • дааратты үйдөн алуу;
  • жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле коюшу талап кылынат;
  • айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0