COVID: Чүй менен Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын тизмеси

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМосковский клинический центр инфекционных болезней "Вороновское"
Московский клинический центр инфекционных болезней Вороновское - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Чүй облусу менен Бишкек шаарында жалпысынан 19 оорукана коронавирус менен ооругандарды кабыл алат. Бирок бүгүн алардын онунда гана орун бар.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 10 ооруканада 163 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 16-июль, саат 8:00гө карата алынды.
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 55;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 41;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 22;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 17;
  • Улуттук наркология борбору — 14;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 5;
  • Аскердик госпиталь — 5;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) —2;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 1;
  • КММАнын фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 1.
Жаңылыктар түрмөгү
0