08:53 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
75 0 0

Кечээ кечинде аталган унаа жолунун 70-чакырымында сел жүрүп, жол жабылган. Түндө куткаруучулар жана техника тартылып, жолду толугу менен 23:40та ачышкан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ошто катуу жааган жаандан улам суу каптаган Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кечээ саат 20:00дөр чамасында аталган унаа жолдун 70-чакырымында сел жүрүп, жол жабылган. Ошондой эле Кара-Булак айылында жайгашкан үч турак үйдүн короосуна суу кирген.

Жерине тазалоо иштери үчүн Алай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобунан беш куткаруучу, бир грейдер, үч жүктөгүч, бир самосвал тартылган. Жол саат 23:40та толук тазаланып, ачылган.

Тема боюнча

Сел, жер көчкү... Өлкөдө 3000ден ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт
Белгилер:
Алай району, ӨКМ, сел, унаа, жол

ЭҢ МААНИЛҮҮ