Мамлекет Аксыда сел алган адамдардын үй-бүлөсүнө 1,6 млн. сом жардам көрсөттү

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСход селевых потоков в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
Сход селевых потоков в Аксыйском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Жабырлануучуларга президенттин атынан жана министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан атайын каражат бөлүнгөн.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинен төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө материалдык жардам тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө 100 миң сомдон берди. Ал эми министрлер кабинетинин башчысынын резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, балдары набыт болгон эки үй-бүлөгө эки 50 миң сомдон тапшырылган. 
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинен төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө барды
Сход селевых потоков в Аксыйском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Министрлер кабинетинен төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Аксы районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө барды
"Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери президенттин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт", — деп билдирген Жунушалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда.
Селдин кесепети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Түрүлүп келип, жолду каптап. Оштогу кооптуу селдин видеосу
Эске салсак, 12-июлда Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда катуу жаандан улам сел жүргөн. Сел Ак-Жол айыл аймагына караштуу Жолборсту айылында бир турак үйдү жана анын ичиндеги жети адамды агызып кеткен. Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Таштак айылында суунун жээгинде ойноп жаткан беш жаштагы баланы да агызган. Ал эми 3 жашар бөбөктүн сөөгү эки күндөн кийин табылды, 5 жаштагы бала изделүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0