Чек ара жаңжалында жабыркаган жашоочулар санаторийлерде эс алууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Полпредства правительства в Баткенской областиОтдых жителей баткенского села, пострадавшего от приграничного конфликта в санаториях
Отдых жителей баткенского села, пострадавшего от приграничного конфликта в санаториях  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын тургундарына моралдык жана психологиялык жактан колдоо көрсөтүү максатында Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында эс алуу уюштурулду.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Баткендеги чек ара чырында жабыр тарткан айылдын жашоочулары Ысык-Көл жана башка облустардагы санаторийлерде эс алууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Жети-Өгүз районундагы пансионаттардын бири жашоочуларга моралдык жана психологиялык жактан колдоо максатында 10 күндүк эс алуу уюштуруп, ага 59 киши барды.
Ошондой эле өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 19 киши ошол жактагы санаторийде эс алууда.
Мындан сырткары, Баткендин башчысы Абдикарим Алимбаевдин Ош шаарындагы санаторийдин жетекчиси менен сүйлөшүп, натыйжада 20 адам эс алуу менен бирге ден соолугун чыңдоодо.
Ыйгарым укуктуу өкүл Алимбаев жеке өзүнүн атынан жана жалпы Баткен облусунун элинин атынан эс алууну уюштургандарга ыраазычылык билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0